Ошто майып балдар үчүн футбол фестивалы өтүүдө

Фестивалдын катышуучулары.

Ош шаарында жайгашкан Момунов атындагы Футбол академиясында майып балдар жана башка аялуу топторго кирген өспүрүмдөр арасында футбол фестивалы өтүп жатат.

Шаардык мэриянын “Балага эшигибиздии жана жүрөгүбүздү ачалы!” аттуу маалыматтык өнөктүктүн алкагында уюштурулган иш-чарада майып балдардын укуктары жөнүндө маалымат берилип, машыктыруучулар жана адистер балдар үчүн дене-боюн жазуу боюнча көнүгүүлөрдү жана эстафеталарды өткөрүшөт.

Адистердин айтымында, футбол майып балдар өз талантын жана жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, алардын коомго аралашуусунда маанилүү ролду ойнойт.

ЮНИСЕФ уюму менен кошо уюштурулуп жаткан фестивалдын ачылыш салтанатына социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2 миллиондон ашуун бала жашайт, алардын 29 миңи майыптар.

01-июнь, 2018

https://www.azattyk.org/a/29264972.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*