Бүгүн, 1-июнда Ош шаарындагы кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда 87 баланын катышуусунда «Балдар биздин планетанын келечеги» аттуу иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган борбордун жетекчиси Зарифа Акматованын айтымында, 87 баланын 60%ы шал оорусу менен жабыркайт. 1-июнь — Балдарды коргоо күнү жогорку деңгээлде белгиленип жатат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов куттуктап, белектерди тапшырышты.
Майрамдык иш-чарага Адилет Төрөмамат уулу «Кыргызстаным» аталышындагы ырды даярдап келген. «Мен бул майрамды аябай күтөм. Учурда 21 жаштамын, ырдаганды абдан жакшы көрөм. Эч качан балдар оорубасын. Жаратканым балдарга шыпаасын берсин», – деди ал.
Turmush
01.06.2018
Leave a Reply