Өзүңдү ойлобосоң да балдардын келечегин ойло (Адвокаттын блогу)

Айнура Ибраимжанова, Алай райондук

акысыз юридикалык жардам беруу борборунун адвокаты

Бир күнү биздин борборго  жашы 20 жаштан ашып калган  Алайдын алыскы тоолуу айылында жашаган келин кайрылды.

“Ушул күнгө чейин менин туулгандыгым тууралуу  күбөлүгүм жок, мен акыры башкалардай болуп күбөлүк, паспорт ала аламбы? Документиң жок болгондуктан адам санына деле кирбейт экенсиң. Өзүмдүн 3-балам бар. Аларга да күбөлүк ала албай жатамын, апам  Асылгул акыл-эси кем, мени кимден төрөгөндүгүн да тактап айта албайт, мени мектепке окуткан эмес. Ар кимдин колунда жүрүп, жашым  он алтыга   киргенде эле туугандарыбыз мени Озбекстанга бир жетим балага күйөөгө берип коюшкан. Азыр күйөөм Россияга иштеп кеткен боюнча келе элек, кайда экендиги дайынсыз” – деп ээрчитип келген үч баласын мага көрсөтүп ыйлап арманын айтып жатты. Жумагүлдүн арыз даттануусун угуп олтуруп ага айттым: “Өзүң мектепте окубаганың аз келгенсип мына татынакай эч күнөөсүз көздөрүн  жалдыратып бизди карап сен ыйласан  кошо ыйлап олтурган балдарын да мектепке барбай калбасын, тез аранын ичинде туулгандыгын боюнча фактыны аныктоо боюнча сотко арыз жазалы” –  деп кеңеш берип, тийиштүү жактарга  ага ишенбей өзүм бирге барып, документтерди  даярдадык.

Мени таң калтырганы  Жумагүлгө окшогон бир топ жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүк албай  жүргөндүгү боюнча борборго кайрылышат. Өздөрүнүн документтери жок болгондуктан балдарына да тийиштүү документ ала алышпайт, демек бул биздин жарандардын дагы деле укуктук сабаты жоктугун айгинелейт.

 30.05.2018

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*