“Укуктук маалыматты балдар эмес чоңдорго жеткирүү кыйын”

“Жылдын мыкты мугалими-2017”  республикалык кароо-сынакты Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов Айыл өкмөтүндөгү Т. Айбашев атындагы мектебинин “Жарандык укук” сабагынын окутуучусу  Нурманова Чынара жеңип алып, “Билим берүүнүн отличниги” наамы, ноутбуук, акчалай сыйлык менен сыйланды. Бул жетишкендиктерине  Чынара Нурманова, БУУӨПтүн долбоору менен тыгыз кызматташып, балдар менен бирге укуктук темада көчө театрларын, тренингдерди уюштуруусу чон таасир бергенин айтат.

   

Мен мугалимдик кесипти сүйүп тандагам. Балдарга сабакты кызыктуу өтүүгө аракетим күч болчу.  2015-жылы БУУӨПтүн “КРде сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоору менен тыгыз иштешип, балдар менен укукутук темада көчө театрларын уюштуруп, “Өз укугуңду бил” тренингдерине катышып жүрүп сабакты болушунча интерактивдүү өткөрүү боюнча көп тажрыйба топтодум”, –  дейт Чынара Нурманова – “Негизи укуктук маалыматты балдарга эмес чоң кишилерге жеткирүү кыйын. Долбоордун алкагында колдонгон ыкмалардын жардамы менен биз көпчүлүктүн көз караштарын өзгөртүүгө, жашоосунда болуп жаткан туура эмес нерселерди болтурбоо аракетин ойготуп, өзүнүн баалуулуктарын кайра карап чыгып башкача чечим кабыл алууга түрткү бердик деп ойлойм”.

Өткөн жылы Чынара Нурманова долбоор тарабынан жарыяланган “Укуктук маданият көчө театры аркылуу” сынагына “Кайдыгерликтин капканы” деген сценарий жазып, аны окуучулары менен театралдаштырып негизги сыйлыкты утуп алышкан. Чынара эженин окуучулары  бул оюнду башка айыл өкмөттөрүнө, ар кандай иш чараларда коюшкан.

“Мен өзүм “Жарандык укук” сабагынан берем. Бул сабак жарандардын  укугу, милдеттери, коомдогу орду жөнүндөгү сабак болгондуктан мага эң керектүү долбоор экендигине көзүм жетип тыгыз байланышта иштедим. Долбоор тарабынан уюштурулган тренинг, семинарларга үзгүлтүксүз катышып, андан алган билимди сабактарымда кеңири колдонууга аракет кылам. Ошол эле учурда өткөн сабактарым окуучуларга жугумдуу болуп жатканын сезем” –дейт Чынара .

Республикалык сынакта жылдын мыкты мугалими болуп табылган алыскы райондун мугалими Чынара эже адистиги боюнча кыргыз тилчи, бирок кадрдын көптүгүнө байланыштуу социалдык педагог жана жаран таануу мугалими болуп эмгектенип калган.  Анын айтымында балдарга укуктук билим берип жатканда сөзсүз милдеттери жөнүндө да кеңири түшүнүк берүү керек, адам баласы милдеттерин аткарганда гана укуктар сакталат. Учурда негизинен аярлуу топтогу адамдардын укуктары жөнүндөгү маалыматты көбүрөөк жеткирүү керек, себеби аялдардын жана күнөөсүз балдардын укуктары эң көп тебеленет.

“Мен китеп окубайм, жумуш менен убакыт өткөрүп, укук жөнүндө көп нерсени билбеймин. Көчө театрдын жакшы жагы  эл арасында көп кездешкен көйгөйлөрдү алып чыгып, анын чечилүү жолдорун өзүбүздүн тилибизде жеткиликтүү көрсөтүп беришет экен. Жөлөк пулдардын өлчөмдөрү, документ, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу жолдорун билип алдым” – деп Кулатов айылынын тургуну Самакова Галдар театрды көргөндөн кийинки пикири менен бөлүштү.

Чынара эже “Жылдын мыкты мугалими-2017” сынагына абдан дыккаттык менен даярданган, Алгач мектеп аралык, анан райондук, кийин облустук сынак өттү. Ошонун баарынан өткөндөн кийин гана республикалык сынакка катышууга жолдомо алган. “Жарандык укук” сабагы, республика боюнча тандалган 34 ачык сабактардын катарында сайтка жайгаштырылып, эл ичинде эң көп добуш алган.

“Бул долбоор менин тажрыйбамдын  өсүүсүсүнө чоң түрткү берди” –  дейт Чынара эже – “Биринчиден өзүмдүн укуктук билимимди жогорулаттым, экинчиден теманы балдарга кызыктуу оюндар, интерактивдүү усулдар менен жеткирүү жолдорун жакшы өздөштүрдүм.  Ал эми көчө театрынын балдарга, көрүүчүлөргө  таасири өтө чоң. Себеби мурун көз жаздымда калып келген укуктук көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун түшүнүп, ар бир жарандын укугун колдонуп, милдетин аткаруусу канчалык деңгээлде маанилүү экенин көрүп, пикирин өзгөркөнү байкалат”

“Укук менен милдетти билүү абдан маанилүү. Адамдын укуктук билими канчалык жогору болсо, үй-бүлөөнүн жашоо деңгээли жогору болот, жалпы коомдун укуктук маданияты бийик болот, аны менен бирге мамлекет өнүгөт. Укугун, милдетин билбеген элди ар ким алдап кете берет” – Алимов Султан Т.Айбашев мектеби 10-класстын окуучусу.

 

 

“Көчө театрын  ар кайсы жерлерге коюп жүрүп биз көп адамдын жашоосунун жакшырышына таасир бердик деп ойлойм. Себеби биз жашоодо көп кездешкен, улуулар туура эмес кылып жаткан нерселерди юмор, трагедия, шакаба аркылуу көрсөтүп берип жатабыз. Улуу муундагылар түшүнүү менен кабыл алышат деп ойлойм, алар кабыл албаган күндө дагы, биз жаштар алар жасаган катааларды жасабашыбыз керек”- Акимбек кызы Асел Т.Айбашев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу

 

 

Мэри Бекешова БУУӨПтүн жана Финляндия Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун адиси

 

14.03.2018

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*