Кыргызстандык майып адам 3 күндөн бери Россиядагы аэропортто жашап жатат

Кыргызстандык 1-топтогу майып Айбек Моминов 26-февралдан бери Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Пулково аэропортунда жашап жатат. Бул тууралуу «Фонтанка» маалымдады.

Маалыматка караганда, ал Санкт-Петербург шаарына оң бутунун протезин алмаштыруу үчүн келген. Бирок аны чек арадан өткөрүшкөн эмес.

Анын эжеси Хасият айымдын айтымында, иниси анын үйүндө жашамак. Ал Россияга 26-февралда эртең менен кыргызстандык «Авиатрафик» авиакомпаниясынын YK881 каттамы менен учуп келген. Андан кийин аталган каттамдын 50гө жакын жүргүнчүсүн атайын бөлмөдө суракка ала башташкан. Анын инисине оозеки түрдө өлкө аймагына киргизилбей тургандыгын айтышкан. Буга анын мейманканада мурда ээлеп койгон оруну жана медициналык камсыздандыруусунун жоктугу себеп болгондугун билдиришкен. Иниси анын үйүндө жашамак болгондуктан ага мейманкананын кереги жок болчу. Ал Россиянын жараны болбогондуктан медициналык камсыздандыруунун зарылчылыгы жок. Азыр иниси ага социалдык тармактар аркылуу гана байланышып жатат. Себеби кыргызстандык сим-карта Россияда иштебейт.

Моминов бутунун протезин «Отто Бокк» устаканасында алмаштырмак болгон. Протезди жасачу Михаил Московцев «Фонтанка» басылмасына аталган бейтап чынында эле 26-февраль күнү кабыл алууга катталганын, бирок андан кийин ал дайынсыз болуп кеткендигин билдирди. Протезди алмаштыруу үчүн медициналык камсыздандыруунун зарылчылыгы жок.
Реклама

Хасият айым иниси протезин алмаштыруу үчүн 1 жыл бою 30 миң рубль топтогондугун айтты.

«Бардык документтерди алып салышты. Администрация бүгүн өлкөдөн чыгарабыз деп айтып жатат. Инимдин ден соолугу оор абалда. Эски протези жарабай калган», – деди ал.

Кыргызстандын элчилигинин канцеляриясы Моминов эжеси экөө тең аларга кайрылбагандыгын, бирок аларга байланышып, маселени чечүүгө аракеттер көрүлө тургандыгын билдиришти.

Ал эми окуянын чоо-жайын чек арачылар биле тургандыгы такталды. Алар Моминовдун Россиянын аймагына кирүүсү үчүн негиз жоктугун, башкача айтканда ал өзүнүн келишинин максатын тактап бере албай тургандыгынан улам кайра Ош шаарына жөнөтүлө тургандыгын билдиришти.

Бирок «Фонтанка» басылмасы Моминовдун өлкөгө кирбей жатышы мейманканадан орун ээлебегени же медициналык камсыздандырылбагындыгында эместигин тактады. Ага буга чейин эле өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Анын буту боюнча жагдайдын бул тыюу салууга эч кандай тиешеси жок. Майып адамды жакынкы убакытта Кыргызстанга кайра кетиришет.

Turmush

01.03.2018

http://www.turmush.kg/news:341191

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*