Кайрымдуулук кылганга шашылгыла

Социалдык мекемелерге, өзгөчө балдар жашаган мекемелерге, баруу дайыма оор. Бул мекемелердегилердин тагдыры ушундай болуп калгандыгы үчүн өзүңдү күнөөлүүдөй сезип кетесиң. Кичинекей керебеттеринде кызыл-тазыл болуп боёлгон тамга да көңүл бурбай жаткан балдарды көргөндө жүрөгүң мыкчылып кетет.

Бишкектеги Сауд Аравиясынын элчилигинин дипломаттары менен кошо Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборуна барган журналисттердин бардыгы өзүлөрүн ушундай сезип жатышты. Бул мекеме Бишкектен 30 мүнөттүк жолдогу Маловодное айылында жайгашкан.

Бул мурдагы карылар үйү. 2014-жылдан бери ал реабилитациялык борбор катары иштеп келет. Учурда анда 4 жаштан 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашайт. Балдар – физикалык жана акыл жактан өнүгүүдөн артта калгандар. Ар-бир баланын өз тагдыры бар.

Сауд элчилигинин дипломаттары социалдык мекемеге макарондун, кум шекердин жана суу майдын ар-биринен 100 килограммдан, балдар үчүн жылуу кийимдерди, чоң килем жана ар-бир балага бирден белек тапшырышты.

“Бул жерде өз ишине жан оту менен берилген, балдарды жакшы көргөн, боорукер адамдар иштээрин көрдүм. Ушундай балдарды көргөндө жүрөгүң дайым мыкчылып кетет. Өгөчө алардын кыйналып жатканын көргөнүңдө. Борбордун тарбиячылары чоң иш жасап жатышат. Алар балдарга кадыресе жашоодогу апаларынан да артык камкордук көрсөтүшөт. Алар өзүлөрүн бүт бойдон балдарга арнап коюшкан. Алардын адамгерчилигине, чыдамкайлыгына баа бересиң. Жараткан аларды колдоп, Аллах ыраазы болсун”, – деди кыргызча сөзүнүн аягында Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума.

 

 

Сауд Аравия элчилигинин дипломаттары журналисттер менен кошо Борбордогу ар-бир балага белектерди өзүлөрү тапшырып чыгышты. Балдар чоңдорду чоң кубануу менен тосуп алышты, алардын көздөрүндө үмүт оттору байкалып турду. Кичи балдар булар кайсы кишилер дегендей таңгалышып, бир аз чоочуркаса, улуурактары бизге кызыга карап, келип учурашып жатышты. Балдардын бири белек салынган пакетти алаары менен дароо анын ичинен түстүү карандаштарды алып чыгып, жанында турган мугалимге тапшырганы аракет кылды. Мугалими балага рахматын айтып, бул анын белеги экенин айтканда бала унчукпай карандашты эжейинин столуна коюп койду. Көздөрү жанып турган баланын эжейине жакшы бир нерсе кылгысы келип жатканы байкалып турду.

Балдардын кубанган жүздөрүн көрүп өзүбүз да кубанып жаттык. Улуурак жаштагы балдардын айрымдары Сокулук райондук администрациянын кызматкерлерин жакшы таанышат экен. Кыздардын бири кубанычын жашырбай чуркап келип биз менен келген бир кызматкер аял менен учураша баштады…

Журналисттер жана дипломаттар менен кошо атактуу Марат Амираев жетектеген артисттер да келишти. Костюмчан, бети-каштары боелген артисттер оюндары менен балдардын көңүлдөрүн ачып жатышты. Башында кыздардын бири клоундан коркуп кетти эле, бирок артист кыйын экен, паригин жана чаптама кызыл мурунун ала коюп, баланы соорото баштады. Гүлмира (аты өзгөртүлгөн) болгону 9 жашта, акылынын өнүгүүсү бир аз артта калган экен. Кыз бат эле соороп, спектакль улантылды.

 

 

Балдар бийлеп, ырдап, кубанып жатышты. Биз да четте алардын кубанычына ортоктош болуп отурдук. Чынын айтайын, балдардын жүзүн, алардын олдкосон кыймалдарын көрүү биз үчүн оор болду, өзгөчө алардын кыйналганын билгениңде. Көп чоңдордун көздөрүнөн жаш кылгырып жатты. Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума дагы кармана албады.

“Балдарыбыздын тагдыры ар-башка. Айрымдарын ата-энеси кичинесинде эле таштап кетсе, айрымдары чоңоюп калганда келишти. Мамлекеттик бюджеттен биздин Борборубузга жылына 14 млн сом бөлүнөт, аларды негизинен тамак-ашка, дары-дермектерге, коммуналдык кызматтарга жумшайбыз. Учурда Борбордо 65 киши иштеп жатат, штаттык бирдиктин саны 78. Кызматкерлерибиздин орточо айлыктары 5 миң сом. Тарбиячылар бардык төлөмдөрдү кошкондо 8 миңден алышат, күнү-түнү иштеген нянялардын да айлыгы 8 миң сом. 100 койка-орунга эсептелген Борборубузда бу күндөрү 87 бала бар”, – деди Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборунун директору Айзада Асанова.

Учурда бардык бюджеттик уюмдар өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып жатышат, алардын катарында социалдык мекемелер дагы. Бизде мынча карылар үйлөрү, мынча балдар үйлөрү бар деп, алардын саны көбөйүп жатканы менен мактанабыз. Бирөө менен мелдешип жаткандайбыз. А болгону 10-20 жыл мурда аларды санап чыкканга колдогу манжалар жетиштүү эле. Алардын санын эмнеге көбөйтүп жатабыз? Балким бул практиканы өзгөртүп, таптакыр башка иш тутумун кабыл алышыбыз керектир? Канчалык каржылоону көбөйтпөйлү биздин ага мамилебиз өзгөрмөйүн алдыга жылыштар болбойт.

Өзүңөр да байкап көрсөңөр, ушундай мекемелерде күнү-түнү иштеген нянялар айына болгону сегиз миң сом алышат! Урматтуу депутаттар бул үчүн уялбайбы?! Ушундай айлыктар бар экенин, Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборунда иштегендер жумушуна кантип жетип жаткандарын билишет болду бекен? Менимче, жок, аларды азыр түйшөлткөн нерсе Казакстанда кармалган кесиптешинин тагдыры жана борбор калаанын ЖЭБиндеги кырсык үчүн кимди жазалоо керектиги.

Балдар, ал эми камкордукка муктаж болгон балдар андан беш бетер дайыма көз жаздымда калышат. Тамга гүлдөрдү тартып, эски покрышкалардан ак кууларды кесип жасап, санитардык бурчтарга кытайдын “жандуу” тушкагаздарын чаптап канчалык кооздобо, алар балдарга баары бир үй болуп бере албайт. Аякта баары бир үмүтсүздүк, казендук нерсе сезилип турат, анткени ал өзү ошондой да. Балким, биз аларга мамилебизди такыр өзгөртүшүбүз керектир, азыркы абалындагыдай ушуга окшош социалдык мекемелер бизге керекпи?

P.S. Өткөн жылы Чүй жана Ысык-Көл областтарындагы фостердик үй-бүлөлөрдү кыдырып жүрүп журналисттер мыйзамчылыктарда чоң кемчиликтер бар экенин жана ушундай үй-бүлөлөргө болбогон акча бөлүнөөрүн билип катуу таңгалышты эле. Тилекке каршы, мамлекетибиз бүт сүйүүсүн балдарга арнагысы келген адамдарды колдобойт экен. Бардыгын кагаз боюнча, нускама боюнча жасап көнүп калганбыз. Бул тутумга мамилени өзгөртүүгө убакыт жетти…

Алмаз Исманов 

1 Марта 2018

http://nlkg.kg/kg/society/speshite-proyavlyat-miloserdie

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*