Тартип комиссиясы сотторду тазалайбы?

Кыргызстанда соттордун ишин көзөмөлдөгөн Тартип комиссиясы иштей баштады. 2016-жылдагы референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, мыйзам бузган соттордун ишин жаңы түзүлгөн Тартип комиссиясы карап, аларга чара көрүүнү сунуштайт. Жогорку Кеңеш депутаттары саясатчылардын ишин караган судьялардын үстүнөн Тартип комиссиясына кайрыларын билдиришүүдө.

Тартип комиссиясынын укук-милдети

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы толук курамда ушул айдан тарта иштей баштады. Анткени Жогорку Кеңеш өз квотасындагы үч адамды өткөн айда гана шайлап берди. Тогуз кишиден турган Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин президент, үчтөн бирин парламент, үчтөн бирин соттор өзү дайындайт.

Судьялардын үстүнөн Тартип комиссиясына жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, Кыргызстандагы соттордун төрагалары кайрыла алат.

Сотторду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштама менен Тартип комиссиясына башкы прокурор, тиешелүү мамлекеттик органдар кайрылса болот. Аталган комиссиянын мүчөсү Эрлан Базарбай уулу судьяларга Тартип комиссиясы көрө турган чараларга токтолду:

– Биздин чечим эскертүү, сөгүш берүү же жумуштан бошотуу сунушу болушу мүмкүн. Кызматтан бошотууга келсек, эгер жергиликтүү соттордун судьясы болсо, аны президенттин наамына, ал эми Жогорку Соттун же Конституциялык палатанын судьясы болсо, парламенттин атына жиберебиз.

Тартип комиссиясынын мүчөсү Эрлан Базарбай уулунун айтымында, алар соттордун чечимин карабайт, болгону судьялардын жүрүм-турумуна, соттук отурумдарда мыйзамдар канчалык сакталганына көңүл бурат:

– Тартип комиссиясы соттордун чечимине баа бере албайт. Ага жогорку тепкичтеги соттор баа берет. Эгер чечимдерде процессуалдык мыйзам бузуулар болсо, биз ошолорду карайбыз. Соттун жүрүм-турумун, этика кодексинин сакталган-сакталбаганын же мисалы ишти адвокаты жок карап салса, ушуларга көңүл бурабыз. Биз ушул иштер боюнча өз чечимибизди чыгарып беребиз.

Саясатчылардын сот ишиндеги чечимдер

7-февралда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча өз чечимин чыгарып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Салянованын тарапкерлери жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ишти караган судьялардын жүрүм-турумуна ичи чыкпай, сот чечиминин адилеттүүлүгүнөн күмөн санашууда.

Сотко катышкан Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова “соттордун жүрүм-турумдары” боюнча Тартип комиссиясына кайрылышарын билдирди:

– Салянованын ишин караган соттор коллегиясы боюнча атайын дисциплинардык комиссияга кайрылабыз. Анын арты менен жаңы түзүлгөн дисциплинардык комиссия кандай иштей турганын көрүшүбүз керек.

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Буга макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. Сот чечимине ылайык, эми эл өкүлү депутаттык мандатынан ажырайт.

Президенттин сыны

Өткөн жумада Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч түзүмдөрүнүн иши, анын ичинде соттордун чечимдери катуу сынга кабылган. Президент Сооронбай Жээнбеков соттор мыйзамсыз чечим чыгарат деп зекиген:

– Шайланган президент катары соттордун ишине кийлигишейин деген кыпындай да оюм жок. Бирок соттор оор кылмыш кылган кылмышкерлерди бошотуп жатса, мыйзамды бузуп жатса, жарандардын укуктарын тебелеп жатса – эмне үчүн карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин кайсы жерден мамлекеттик органдар адам укугун тебелеген болсо, элге, мамлекетке зыян келтирип жаткан болсо – мен анда президент катары бардык маселеге кийлигишем.

 

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы 2016-жылдагы референдумда кабыл алынган Конституциядагы өзгөртүүгө ылайык былтыр түзүлгөн жана ал көз карандысыз мекеме. Ага чейинки соттордун ишин караган Тартип комиссиясы 14 адамдан туруп, судьялардын өзүнөн гана куралчу.

“Соттор бийликтен көз каранды бойдон калууда”

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова тогуз адамдан турган жаңы Тартип комиссиясы мурдагыдай эле бийликтен көз каранды деген ойдо:

– Тартип комиссиясынын курамы абдан саясатташып кетти. Эл аралык стандарттар боюнча ал соттордон жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралышы керек. Буга чейин саясий күрөштө соттордун баары курал болуп калды деп айтып жатпайбызбы. Тартип комиссиясынын азыркы курамында алты кишинин үчөөн президент, үчөөн Жогорку Кеңеш дайындап жатат. Эгер Атамбаевдин убагындагыдай президент Жогорку Кеңешти өзүнө көз каранды кылып кармап тура турган болсо, Тартип комиссиясы жалаң гана президентке жаккан чечимдерди чыгарып калышат. Анткени сот системасынын үч өкүлү ансыз деле башын көтөрө албайт. Экинчиден, ишти жаман карады, моралдык жактан ээлеген кызматына туура келбейт же мыйзамдарды бузду деп райондук соттун төрагасы райондогу бардык судьялардын үстүнөн арыздана алат. Ал эми облустук соттук төрагасы облустагы бардык судьялардын үстүнөн кайрылса болот. Жогорку соттун төрагасы болсо, Кыргызстандагы бардык соттор боюнча жаза алат. Төрагалар болсо, жалаң гана бийликтин айтканын кылат да. Ошондо соттордун саясий жагынан да көз карандылыгы күчөтүлүп жатпайбы.

Кыргызстанда сот эң коррупциялашкан тармактардын бири катары эсептелет. Буга чейин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков элдин 90 пайызы сотторго ишенбейт деп парламентте айтып чыккан.

Заирбек Бактыбаев

13-февраль, 2018

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_reform_trial/29036787.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*