Ысык-Көлдө укпаган, сүйлөбөгөн балдарды окуткан бир дагы мектеп жок, – Караколдун тургундары

Ысык-Көл облусунда укпаган жана сүйлөбөгөн балдарды окуткан бир дагы мектеп жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдиришти.

Алардын айтымында, алар Бишкек шаарына барып окууга мажбур болууда.

«Балдарыбызга ишибизди таштап, Бишкек шаарына барып жатабыз. Айына 7-8 миң сом төлөп, батирде жашайбыз. Жалгыз бой эне болсо абдан кыйын болуп калат. Ошондуктан Каракол шаарына дүлөй, дудук балдарга арналган атайын мектеп куруп берүүнү өтүнөбүз», – дешти тургундар.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү У.Жылкыбаев бул маселени изилдеп, канча бала бар экендигин жана адистердин жетише тургандыгын карап чыгарын белгиледи.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууга Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Алгымбай Имаров, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев келген.

Turmush 

09.02.2018 

http://www.turmush.kg/news:340011

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*