Зордукталган секелек, “гумандуу” соттор

Иллюстрация

Секелекке 10 жашынан баштап үч жыл бою зордук көрсөткөн адам 20-ноябрда камакка алынды.

Бакай-Ата районунда 14 жаштагы Асел (аты өзгөртүлдү) 10 жашынан баштап үч жыл бою зордукталган. Кыз бул абалга тушукканын уялып, бир чети коркуп эч кимге айткан эмес.

– Мурда көп жолу кармалаган. Кийин зордуктай баштадыБиринчи жолу ашканада кол салган. “Айтсаң уу берем” деди. Көп жолу асылды. Мен коркуп айта алган жокмун. Үйдө эч ким жокто келип калчу. 

Шибеге капка катылбаган сыяктуу Аселдин бул абалы ал 13 жашка чыкканда баарына белгилүү болгонун эжеси Рахима Айкынбаева айтып берди:

– Асел агамдын кызы. Апасы коңшубуздун кызы болчу. Агам экөө Асел төрөлгөндө эле ажырашып кеткен. Жети айында апама таштап, өзү чет өлкөгө иштеп кеткен. Учурда Түркияда жашайт. Аселге кем-карчын алып берип турат. Бул ишти угарым менен сиңдимди Талас шаарына, гинекологго алып баргам. Ал эже көрүп эле зордукталганын аныктады. Ошол жердегилердин кеңеши менен Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, арыз таштадым. Аселди атамдын агасынын баласы Эрлан Дөлөнов зордуктаган. Эрландан мындайды эч ким күткөн эмес. Жогорку билимдүү, жароокер, намаз окуган, оокаттуу үйдө чоңойгон. Эл менен мамилеси жакшы. Кичинекей кыз калп айтмак беле? Ошентип арыз жаздык.

Эрлан Дөлөнов 32 жашта. Үч баласы бар, жогорку билимдүү. 2015-жылы Бакай-Ата райондук прокуратурасы ага Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-пункту (зордуктоо) менен иш козгогон. Бакай-Ата райондук соту ишти карап, айыпталуучуну 132-берененин негизинде үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Жабырлануучунун жактоочусу Чолпон Кудайбердиева буларды айтты:

– Жабырлануучулар райондук соттун чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылышкан. Бирок облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Жогорку Сотко даттанышты. Жогорку Сот “кыздын психологиялык абалы боюнча аныктама эске алынбай калган, бул кемчиликтер жоюлсун” деп кайра биринчи инстанцияга ишти жөнөттү. Ишти бул жолу Бакай-Ата райондук соту эмес, Манас райондук соту ишти карап, мурдагыдан да жеңил жаза берди. Башкача айтканда, 2016-жылы 2-сентябрда Эрлан Дөлөновду бир жыл, алты айга эркинен ажыратты. Тергөө учурунда айыпталуучу камакта жарым жыл жаткан. Ошол учурдун ар бир күнүн эки күн деп эсептеп, соттолуучу биротоло эркиндикке чыкты. Жогорку Сот көрсөткөн кемчиликтер эске алынган жок. Демек, жергиликтүү сотторго Жогорку Соттун таасири жок турбайбы деп түшүндүм.

“Бул жалаа”

Айыпталып жаткан Эрлан Дөлөновдун жакындары соттун чечими акыйкат болгонун, Айкынбаевдер жалган жалаа жаап жатканын айтышат. Эрландын апасы Мырзагүл Дөлөнова:

– Бул жерде биздин туугандардын жери бар, бул кыздын чоң атасы соттошуп жатып ал жерден алган. Кийин ошол жердеги маселелер боюнча дагы чатак чыккан. Балдарыма “атаңардын жалгыз бир тууганы калды, урушпай эле койгулачы” дегем. Сот башталганда улуу балам “Рахима (Айкынбаева) ошондо силерди чөгөлөтөм деген болчу. Түшүнгөн эмеспиз, көрсө ушинтип жалаа жапкан экен” деди. Ушул соттун айынан атабыз өтүп кетти, 38 жаштагы балам да кейип жатып каза болуп калды. Бир эле ушул балам, анан неберелерим калды. Атасы төшөктө беш жыл жатты. Балам ошону карап, колу бошочу эмес. Булар үч жылдан бери зордуктап жүрүптүр деп айтышат. Анда үй-бүлөсү менен аңдып туруп кармап алышат эле го. Булар жалаа жаап жатышат.

Окуя Таластын Кыргызстан айылында болгон. Ушу күндө айыл тургундарынын окуя боюнча пикирлери эки ача. Айрымдары Эрландын таламын талашса, экинчилери Аселди жакташат.

Асел бир жылдан бери “Балдарды коргоо лигасы” коомдук фондунун реабилитациялык борборунда дарыланып жатат. Бул фонд жабырлануучуга жактоочуну да камсыздап беришкен. “Асел сотторго улам катыша берип, биротоло чөгүп баратканы байкалат” дейт психолог Жаңыл Жамалова:

– Кыз өтө оор абалда калган. Акырындап дарыланып жатат. Сотко барган сайын сынып келет. Чоңдорго биротоло ишеничи кетип баратат. Аселге жардам берсек, келечекте жакшы адам болот.

17-ноябрда иш Талас облустук сотунда каралмак. Бирок айыпталуучунун жактоочусу мас абалда болгондуктан, сот иши 18-ноябрга жылган. Кийинки күнү эки күбө жетишсиз болгондуктан, сот иши дагы 5-декабрга жылды. Жабырлануучунун жактоочусу Чолпон Кудайбердиева:

– Мен өкүмү чыкканча эркин жүргөн айыпталуучу Эрлан Дөлөнов камакта турсун деген өтүнүчтү сотко бердим. Сот канааттандырып, ошол жерден айыпталуучу камакка алынды, – деп “Азаттыкка” билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, ушул жылдын тогуз айында өспүрүмдөргө карата зордук- зомбулук боюнча 579 кылмыш иши козголгон. Адистер зордук-зомбулукка кабылган балдардын бир бөлүгү ата-энеси миграцияга кетип, туугандарынын үйүндө калгандар экенин да белгилеп келишет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министригинин маалыматына караганда, 60 миңге чукул баланын ата-энеси башка өлкөдө миграцияда жүрөт.

Салика Сариева
24-ноябрь, 2016
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_talas_rapping/28134730.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*