Шаар мэри мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды үйлɵрүнɵн куттуктады

Кечээ, 26-декабрда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ден соолугунун абалына байланыштуу мэрдин балатысына келе албаган балдарды үйлɵрүнɵ барып  куттуктап, жаӊы жылдык белегин жана азык-түлүктɵрдү тапшырды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 389 бала бар. Жакында алардын ичинен 18 жашка чейинки ɵтɵ жакыр жашаган 79 бала аныкталып, шаардагы 42 мекемеге шефтикке бɵлүнүп берилген. Булардын арасынан 3 үй-бүлɵ шаардык мэриянын атайын карамагында. Шаардагы мекеме-ишканалар дагы ɵздɵрүнɵ бɵлүнүп берилген балдарды майрам алдында куттукташмакчы.

Быйылкы жаӊы жылдык иш чараларга жергиликтүү бюджеттен жалпы 222 миӊ сом бɵлүнүп берилди. Бул каражат майрамдык балатыдан тышкары жыл мыктыларын аныктоо иш чараларына жумшалууда.

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы

27.12.2017

http://naryncity.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*