Сапаттуу кеңеш – миң суроого жооп

Укугун билген утат – билбеген миң жыгылат

 

Мамлекет өз жарандарынын укугун, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоо багытында 2016-жылы КР “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” жөнүндөгү жаңы мыйзам кабыл алган. Бул мыйзамды ишке ашыруу, акысыз юридикалык кеңеш, адвокаттык кызматтын стандарттары жана башка элдин укуктук көйгөйүн чечүү тууралуу КР Юстиция министри  Уран Ахметов менен болгон маекти сунуштайбыз.

 

Уран Тулендиевич,  Мамлекет кепилдик берилген юридикалык жардамды кимдер ала алат?

-Бул мыйзамдын негизги маңызы сот адилеттигин камсыз кылуу максатында өз укуктары менен кызыкчылыктарын толук коргой албаган, юристтин кызматын төлөөгө каражаты жок калктын аяр катмарына квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Кабыл алынган мыйзамдын концептуалдык негизи жарандардын, чет элдик жарандар менен жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо боюнча бекер юридикалык жардам берүү болуп саналат.

 Юридикалык жардам кайсы багыттарда берилет ?

– Мыйзамдын жаңы өзгөчөлүгү, буга чейин мамлекет кылмыш иштери боюнча гана кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүп келсе, мындан ары мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды жарандык жана административдик иштер боюнча дагы көрсөтөт. Андан тышкары бул кызматтан колдонуучу адамдардын чөйрөсү дагы кеңейтилип, көбүнчө социалдык маселелерди чечүүгө багытталган. Бекер юридикалык  жардам эң аз эмгек акы алган же бир айлык кирешеси беш миң сомго жетпеген  доогерлерге, жоопкерлерге, шектүүлөргө, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, жашы жете элек күбөлөргө ж.б. берилет.

Бекер юридикалык  жардам эң аз эмгек акы алган же бир айлык кирешеси беш миң сомго жетпеген  доогерлерге, жоопкерлерге, шектүүлөргө, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, жашы жете элек күбөлөргө берилет.

 

Бекер укуктук жардамды кимдер берет?

– Бул мыйзамды ишке ашыруунун  алкагында КР Өкмөтү Юстиция министрлигинин алдында 2017-жылы 31-майда Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү борбору түзүлдү. Аталган борбор кабыл алынган жаңы мыйзамды иш жүзүнө ашыруучу негизги орган.

Мындан тышкары мыйзамга ылайык консультациялык-укуктук жардамды мамлекеттик түзүмдөр, жергиликтүү өзүнөзү башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар тарабынан көрсөтүлсө болот.

Эмне себептен бизде юридикалык маселелер жылдап чечилбей келет?

-Юридикалык маселелер элди убара кылбай, тез-тез өз убагында чечилүүсү үчүн мыйзамдар кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө иштеш керек. Биз мамлекеттик кызматкерлер өз милдеттерибизди  так аткарып, элге жеткиликтүү кызмат көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм.

Адамдар өз уктарын жакшы билсе юридикалык маселелер кыйла азыраак болмок. Ошондуктан, элдин сабаттуулугун жогорулатууга дагы өзгөчө көңүл буруу керек.

Чынын айтыш керек, жаңы мыйзамды ишке ашырууга көп эмгек жумшап, бизден эрктүүлүктү жана жоопкерчиликтүүлүктү талап кылууда. Мыйзамдын иштеп кетишине Юстиция Министрлиги гана эмес, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүнөзү башкаруу органдары дагы салым кошуусу зарыл. Анткени,  жаңы мыйзамга ылайык алар дагы юридикалык жардамдарды көрсөтүүгө тийиш.  

 

Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам боюнча кызмат көрсөткөн адвокаттардын иши сапаттуу болобу? Алардын сапаттуу кызмат көрсөтүшү үчүн кандай шыктандыруучу жагдай каралган?

 

– Абдан туура суроо. Ооба, биздин өлкөдө акысыз укуктук жардам берилсе эле сапатсыз деп кабыл алынат. Ошондуктан, көрсөтүлгөн юридикалык жардамдардын сапаты биз үчүн абдан маанилүү.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык квалификациялуу юридикалык кызмат көрсөткөн адвокаттардын ишмердигин аныктооочу стандарт жана баалоо нормалары иштелип чыгууда. Башкача айтканда адвокаттар минималдуу стандарттарда коюлган талапка ылайык иш алып баруусу зарыл. Өз кезегинде ыйгарым укуктуу орган адвокаттардын иштеринин сапаттуулугуна баа берет.

Белгилей кетчү нерсе, квалификациялуу юридикалык жардам берүүчү адвокаттар менен келишим түзүү маалында дал ушул стандарттар эске алынат.

Дагы бир маанилүү жагдай, квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын эмгек акысы боюнча тарифтерди жогорулатуу боюнча аракеттер жасалууда. Анткени, кызматтын сапаты адвокаттын татыктуу акы алуусуна байланыштуу эмеспи.

А эгерде айрым адвокаттар өз милдеттерин так аткарбай, сапатсыз кызмат көрсөтсө Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы санкция чыгарып, адвокаттык лицензиясын алып салууга укуктуу. 

Мамлекет кепилдеген бекер юридикалык жардамды баардык эле адвокаттар көрсөтө беришеби?

– Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Адвокаттар Кеңеши сунуш кылган адвокаттардын катарынан, эмгек тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, дисциплинардык эскертүүсү жок, ушул системанын алкагында адвокаттарга каралган курстан өткөндөр гана кабыл алынат.

Мындан тышкары, биз адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу, алар  үчүн окуу моделдерин түзүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Бул талаптардын баардыгы сапаттуу жана натыйжалуу укуктук жардам берүүгө шарт түзөт.

Бул максатта бюджеттен канча каражат бөлүнгөн жана ал жардамга муктаж адамдардын баарын камтый алабы?

– 2017-жылга адвокаттардын эмгек акысын төлөөгө 20 миллион сом каралган. Жогоруда айтылгандай 2018-жылдан тарта квалификациялуу юридикалык жардам берүү жарандык, административдик иштер боюнча дагы көрсөтүлүп баштайт.

Учурда 2018-жылга карата бюджеттин долбоору иштелип жатат, анда сумма жогору белгиленүүдө. Албетте, биз КР Өкмөтүнүн алдында бул бюджетти негиздеп берүүбүз абзел.

Эгерде статистикага кайрыла турган болсок, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам мыйзамынын алкагында 2016-жылы КР Юстиция министрлиги тарабынан 6757 жаранга жардам берилип, ал 2015 –жылга салыштырмалуу 1672 адамга көбөйгөн. Административдик жана жарандык иштер кошулганына байланыштуу алардын саны мындан дагы өсөт. 

Сиз айтып жаткан борборлор кайда жайгашкан? Аларды муктаж адамдар кантип табышат?

– Чүй, Ош жана Баткен областарындагы райондордо, мамлекеттик нотариустардын, административдик кеңселеринде 17 борбор иш алып барууда. Борборлор түзүлгөн күндөн тартып юридикалык жардамга кайрылгандардын саны эселеп өстү. Ошондуктан, ушундай борборлорду республиканын ар бир аймагында ачып,  жарандарга юридикалык жардам алууга бирдей шарт түзүү зарылдыгы бар.

Жарандар www.minjust.gov.kg  сайтындагы “Юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн картасынан” эң жакынкы юридикалык кызмат көрсөтүүчү борборду таап кайрылышса болот.

Алыскы аймактарда жашаган элге мындай кызмат жеткирүү мүмкүнчүлүгү барбы?

– Алыскы аймактар үчүн биз “Тилектештик автобусу”деген акцияны бекер юридикалык жардам көрсөтүү гана эмес, жарандарыбыздын укуктук маданиятын жогорулатуу дагы максатында ишке ашырып жатабыз. Азырынча Чүй, Ош жана ЫсыкКөл областары камтылган. Анда кесипкөй юристтер Кыргызстандын аймактарын кыдырып, ар кандай юридикалык маселер боюнча кеңеш беришет.

Айта кетчү нерсе элдин укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында жасалып жаткан бул чоң иштер БУУнун Өнүктүрүү Программасынын “КРде сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү долбоорунун эксперттик техникалык жардамдарынын аркасында жасалып жатат. Өнөктөштөрүбүздүн мындай колдоосуна терең ыраазычылык билдиребиз.

Маегиңизге чооң рахмат, элдин укуктук көйгөйлөрүн чечүү багытындагы чоң максаттарыңар ишке ашып кетүүсүнө тилектешмин.

 

Маектешкен Гульмира Уметалиева атайын “Сот адилеттигине жетүү сайты үчүн

Декабрь, 2017-жыл

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*