Дөңгөлөк үстүндөгү укуктук жардам

Жергиликтүү калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү үчүн Ош жана Чүй облустарында эки жылдан бери “Тилектештик автобусу” жүрүп келет. Мыкты адвокаттардын, Адилеттик министрлигинин кызматкерлеринин, мамлекеттик нотариустардын командасы жергиликтүү тургундарга укуктук багыттагы бардык көйгөйлөр боюнча кеңеш беришүүдө.

Тилектештик автобусу эки жыл ичинде сынаакы облустарды төрт жолу кыдырып чыгып, 10 миңден ашуун кеңеш беришкен. Жалпысынан алганда 2 миллиондон ашуун калк жашаган аймакты камтышкан.

Юристтердин келээри тууралуу калкка эртерээк кулактандыруу үчүн айыл өкмөттөрү менен тыгыз байланышта иш графиги түзүлгөн.

“Айына 15тей жолу чыгып, бир күндө экиден айыл өкмөтүнө барабыз. Бир айыл өкмөтүндө болжол менен 2-3 сааттан кеңеш берип, 10-15тен адамды тейлеп жетишкенге аракет жасайбыз. Зарыл болгон учурда кеңсеге келип, норма жасоочу актыларга шилтеме жасоо менен сот жана башка органдарга документтерди, арыздарды даярдайбыз. Айына 8-10 адамга жазуу жүзүндөгү жоопту почта, вотсап аркылуу жөнөтөбүз”, – дейт “Тилектештик автобусу” долбоорунун юристи Советбек Закиров.

Жергиликтүү тургундар негизинен мүлк мурастоого, документ алууга, алимент өндүрүүгө, камкордук, коммуналдык төлөм, турак жайды каттоо жана документтештирүү маселелерине байланыштуу көйгөйлөр менен кайрылышат.

Кант шаарынын тургуну Муса кызы Жыргал көп жылдан бери өз үйүн каттата албай жүргөн. “Тилектештик автобусунун” кызматы тууралуу тааныштарынан угат . “Алар мага сотко кайрылып, маселемди чечүүгө жардам берди. Мен аларга абдан ыраазымын. Менин тааныштарымдын ичинде өз укуктарын, кайда барып арызданаарды билбегендер өтө көп. Бардык жерде акча сурашат. Ошондуктан калкка ушундай жардам абдан керек”, – дейт Жыргал.

Башка адамдын укуктары башталган жерде сенин укуктарың бүтөт

“Тилектештик автобусунун” юристи Гүлзат Төлөгөнованын айтканы боюнча, жер участокторуна документ жасоо эң чоң көйгөй болуп саналат, – “Кээде бизге Жогорку Кеңештин деңгээлинде чечилчү маселе менен келишет. Мисалы, Новопавловка айыл өкмөтүндө бизден кеңеш сурап эки тарап келди. Биринчи тарабы 6-7 гектардан мыйзамдуу жер үлүштөрү бар жарандар экен. Бирок ал жерлерге турак үйлөр курулуп, мыйзамсыз курулуштар менен участокторду алып сатуулар уланып жатыптыр. Экинчи тарап болсо ал жер участокторун кантип каттоо керек деп кеңеш сурап келишти”.

“Бүгүнкү күндө укук билиминин деңгээли канагаттандырарлык деп айтууга болбойт, – дейт Адилеттик министрлигинин Укуктук үгүт башкармасынын башчысы Айбек Чотонов. – Коомдо адамдар өз укугун гана ойлоп, башкалардын укуктарын бузган учурлар күн сайын кезигет. Башкалардын укуктары башталган жерде сенин укуктарың бүтөөрүн билишибиз керек”.

“Бир айыл өкмөтүндөгү дагы бир мисал. Бизге жатакана боюнча укуктук көйгөйлөрүн чечүүнү каалаган бир топ адам келди. Алардын ичинде жесирлер, майыптар, пенсионерлер бар экен. Биз азыр бул тургундардын ал жерге катталып, документ алуусу үчүн жардам берүүсүн сурап айыл өкмөтүнө кайрылуу даярдап жатабыз. Болбосо биз жогорку органдарга кайрылууга аргасыз болобуз”, – дейт Гүлзат Төлөгөнова. – “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөлөк пул алуу, майыптык боюнча комиссиядан өтүү, документ алуу үчүн мамлекеттик каттоо кызматына кайрылуу сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө милдеттүү”.

Карапайым жарандар менен катар “Тилектештик автобусунун” юристтери жергиликтүү өзүн өзү башкаруу кызматкерлерине да кеңеш берип, алардын укуктук билимин көтөрүүгө салым кошууда. Саз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Асылбек Досмамбетовдун айтуусу боюнча, айыл өкмөтүндө юрист жок, укуктук маселелер болсо күн сайын жаралууда, – “Биз “Тилектештик автобусунун” юристтеринен укуктук кеңеш, мыйзам нормалары тууралуу маалымат алып, ал боюнча жергиликтүү тургундардын укуктарын түшүндүрөбүз”.

“Тилектештик автобусу” долбоору КР Өкмөтүнүн Токтому менен кабыл алынган “Калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча концепцияны” ишке ашыруунун алкагында жасалууда. “Бул концепция өтө чоң стратегиялык документ болуп саналат жана аны ишке ашырууга дээрлик бардык мамлекеттик органдар тартылган. Негизги бөлүм болуп жарандарга укуктук тарбияны мектеп партасынан  тартып берүү саналат. Бүгүнкү күндө Адилет министрлиги Билим берүү министрлиги менен бирдикте 1-класстан 11-класска чейин “Укук таануу” сабагын киргизүүдө”, – дейт Айбек Чотонов. – “Бул концепцияны кабыл алууда жана ишке ашырууда, ошондой эле “Тилектештик автобусу” долбооруна бизге өтө зор колдоону БУУнун Өнүгүү программасы менен Финляндия ТИМинин “КРде со адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоору көрсөтүүдө”.

Укук – милдет эр шаркак жүрүү керек

Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Бакиров калктын социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, укуктары менен катар милдеттерин да үйрөтүү керектигин айтат, – “Жергиликтүү тургундар келип, бизден өздөрү таштаган таштандыны тазалоону талап кылган учурлар аз эмес. Бул биздин милдетибиз жана биз өз аймагыбыздын тазалагын сактоого тийишпиз. Ошол эле учурда тургундар таштандыларды туш келген жерге таштабагыла десек жаман көрүшөт. Өз укуктарын билген жакшы, бирок ошол эле учурда өз милдеттерин билбөө туура эмес”.

Мыйзамды билбөө жоопкерсиздиктен бошотпойт

Гүльзат Төлөгөнова
Гүльзат Төлөгөнова

“Мен “Тилектештик автобусунун” жүрүшүндө түшкөн арыздарды абдан дыкаттык менен талдап чыктым”, –  дейт Гүльзат Төлөгөнова, – “бул көйгөйлөрдүн келип чыгышынын башкы себеби жоопкерсиздик. Муну жок кылуу керек. Бардык маанидеги жоопкерсиздикти. Анткени мыйзамды билбөө жоопкерсиздиктен бошотпойт. Жоопкердүүлүк бир адамдын эле эмес, бүтүндөй бир мамлекет деген институттун иш-аракети менен ниетин да түшүндүрөт”.

 

Айбек Чотонов
Айбек Чотонов

Айбек Чотоновдун пикири боюнча, калктын талаптагыдай деңгээлде укуктук аң-сезими болбосо коомдой коомдун, ал турсун мамлекеттей мамлекеттин болушу мүмкүн эмес, – “Биз башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын иликтеп көрдүк, баары тең баарынан мурда укуктук маданияттан баштоо керек дешет. Калктын укуктук  маданияты тийиштүү деңгээлде болсо өлкө бардык жактан  – инвестиция, экономикалык өсүү, жумушчу орундары боюнча да сүйкүмдүү болот”.

Мэри Бекешова,  БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун адиси

Декабрь, 2017-жыл

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*