Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаардык мектеп-гимназиясынын окуучулары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таттууларды тапшырып, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга үй тибиндеги балдар үйүнүн социалдык кызматкери Анара Асаналиева билдирди.
«Алар бул жолу таттууларды, суусундуктарды кѳтѳрѳ келишиптир. Окуучулар биздеги тарбияланып жаткан балдар менен баарлашып, жакындан таанышты. Алар келген конокторго ѳздѳрү жѳнүндѳ, бош убактысында эмне менен алек болушарын айтып беришти. Андан соң, чогуу ар түрдүү ырларды аткарып, ар кандай оюндарды ойношту. Биздин Макси келген окуучулардын бирѳѳсү менен дос болуп калды. Анын чѳнтѳк телефонундагы оюнду үйрѳнүүгѳ да жетишти. Аталган мектеп-гимназиянын окуучулары ар дайым келип турушат. Алар жаңы жылда Аяз атага кат жазууларын суранышты жана биздин балдарга белек алып келебиз деп кетишти», – деди ал.
Аталган мекемеде 2 бала жана 6 кыз тарбияланат.
Turmush
08.12.2017
Leave a Reply