Кудиярова: Кыйналган элде агрессия күчөйт

 

Анна Кудиярова Казакстандагы таанымал психоаналитик. Ал Кыргызстанга жылына бир нече ирет келип, ондогон психологдорго дарс окуп кетет. Кыргызстан менен Казакстандын элинин психологиялык акыбалы, психоаналитиканы өнүктүрүүдө мамлекеттин орду тууралуу маек берди.

“Азаттык”: Кыргыз-казактын менталитети окшош эмеспи. Анан бизде психологго же психоаналитикке бардым деп бирөө айтса, жинди болуп калган тура деген көз караш бар го. Мунун себеби эмнеде?

Анна Кудияров: Ушунун баарынын баштапкы себеби, “психо”, “псих” деген терминдерде. Ошондуктан психиатр, психолог, психотерапевт же психоаналитик деген адистиктердин баары карапайым калкка бирдей угулат.

Мунун түп-тамыры советтик доорго барып такалат. Анткени ал учурда психиатрияны адамды жазалоо үчүн пайдаланышчу. Советтер Союзунун режимине каршы адамдардын көпчүлүгүн акылынан адашкан деп жиндиканага камап коюшчу. Ошондуктан биздин эл 70 жылдын ичинде “псих” деген сөздүн өзүнөн коркуп калган.

Бирок азыр бизде жаш муун өсүп жатат. Алар бир канча тил билет, заманбап медицинаны окушат. Алар психологияны, жан дүйнөнү таануу илимин терең өздөштүрүшүүдө.

Мындан 16-17 жыл мурда АКШга тил үйрөнүүгө барып, жашы жетимиштен өткөн жубайлардын үйүндө жашагам. Алар психоаналитик, психиатр, психотерапевт, психолог деген төрт адистиктин айырмасын мыкты билишчү. Кийин Алматыга келип, борбордук көчөгө туруп алып, сурамжылоо жүргүзсөк, бир да киши жооп бере албай койгон. Азыр бизде акыбал кыйла оңолду. Элдин психиатриялык сабаты жоюла баштады десем жаңылышпайм. Мектеп окуучуларынан бери психологдун маанисин үйрөнүп жатышат. Үйүнөн апасы же атасына таарынса, мектептеги психологго барган жеткинчектерибиз көп. Бирок улуу муундун арасында дагы деле психиатрия сөзүнөн корккондор, адиске баргандан уялгандар четтен чыгат.

“Азаттык”: Азыр дүйнөдө агрессия күчөп жатпайбы. Жашоодон аша кечкен учур, нааразы болгон кездер ар бир эле адамда учураса керек. Ушундай жан дүйнөсү кыйналып тургандарга психоаналитика илими кандай көмөк көрсөтөт?

Анна Кудиярова: Мунун бардыгы адам менен сүйлөшүү, анын проблемасын угуу аркылуу ишке ашат. Бирок диалог кура албаган, жардам бере албай калган учурлар да болот. Маселен, бизге кайрылгандар өз эрки менен келишет. Көбүнчө жогорку билимдүүлөр, сабаттуулар кайрылышат. Аларга ыңгайлуу сөз таап, көңүлүн жубатып, ички дүйнөсүн сөз аркылуу дарылайбыз.

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө күнүмдүк иш үчүн кардар күткөндөр.

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө күнүмдүк иш үчүн кардар күткөндөр.

Психоанализге каршы да адамдар бар. Диний көз караштагыларга биз жакпайбыз. Себеби алар бардык нерсени Кудай жараткан деген көз карашта болушат. Маселен, диний экстремисттерди алсак, алардын баары кимдир бирөөгө же кайсы бир идеяга көз каранды эмеспи. Биз болсо инсандын жан дүйнөсүнө эркиндикти үйрөтөбүз. Ооба, сени Кудай жаратты, бирок сени менен кошо ички дүйнөңдүн эркиндигин берди деген көз караштабыз.

Эми агрессияга токтолсом, кыргыз менен казак Советтер Союзунан бөлүнгөнүнө 25 жыл болду. Мына ушул чейрек кылым эки элдин жашоосу жалаң эле күрөш менен жүрүп жатат. Эртеңибиз эмне болуп кетет деген коркунуч менен жашап келдик. Ушунун баары элдин аң- сезиминде агрессияны жаратпай койбойт. Бүтпөгөн кризистен чыга албай чарчаган элдин маданияты, психикасы жакшы болбойт да.

Бирок агрессияны тыюунун да жолдору бар. Эмнеге өзүмдү же бирөөнү өлтүрүшүм керек? Ичимдеги буулуккан ак ит менен көк итти байлап коюп, эркин жашай аламбы деген суроолордун үстүндө иштеп, адамдын агрессиясын азайтса болот. Ар бир үй-бүлөгө кам көрүү зарыл. Маселен, Германияда өкмөт ар бир үй-бүлөнүн психологго көрүнгөн 300 саатынын акчасын төлөп берет экен. Аларда психикалык маданият абдан жакшы деңгээлде. Бизде көптөгөн саламаттыкты сактоо программалары кабыл алынганы менен тикелей жардам бергендери өтө аз болуп жатат.

Ооруган коом, кордолгон наристелер

Укук коргоочулар үй-бүлөдө кордук көргөн аялдар азайбай, өспүрүм куракта эркине каршы турмушка узаткан учурлар көбөйгөнүн жана жабык жайларда кыйноо фактылары токтобой жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.

“Азаттык”: Мындай шартта мамлекет эмне кылышы керек? Бизде психикалык жардам көрсөткөн адистер өтө эле саналуу. Беш манжа менен эле санасак болот. Бийлик тараптан атайын иш-аракеттер керекпи?

Анна Кудиярова: Казакстанда улуттук жан дүйнө саламаттыгына байланыштуу мамлекеттик программалар кабыл алынган. Анан алар жазуучулар менен тегерек үстөл маектерди өткөрүп турушат. Жакшы деңизчи, бирок жазуучуну уккан жөнөкөй киши жан дүйнөсүн дарылай алабы? Ичиндеги бугун сыртка чыгара алабы? Албетте жок! Мындан көрө Германиядагыдай психологдун акчасын төлөп берсе, көп үй-бүлөлөр сакталып, суицид азаймак.

Социалдык өнүктүрүү, Маданият министрликтери психоаналитикага көңүл бурушу керек. Кыргызстанда 2600 окуучусу бар мектепте бир гана психолог иштейт экен. Элестетиңизчи, эми ал алтын баштуу психолог болсо да балдардын баарына жардам бере албайт да. Казакстанда ар бир 500 мектеп окуучусуна бирден психолог адис иштейт. Биз психолог жетиштүү көмөк көрсөтпөйт деп нааразы болобуз. Психологдордун саны көбөйгөндө гана жылыш болот.

“Азаттык”: Кыргызстанда психиатр болгусу келген жаштар аздай сезилет. Жаштарды бул адистикке кантип кызыктырса болот?

Анна Кудиярова: Сиз билесизби, мындан 17 жыл мурда Казакстанда да акыбал дал ушундай эле. Психоаналитик же психологдун кадыр-баркын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу көтөрсө болот. Алгач мен чачымды сарыга боёп, атымды “Анна ханум” деп өзгөчө коюп, телеканалдардан “Жан сыры”, “Жан дүйнөгө жардам” деген сыяктуу түз эфирлерди уюштурганбыз. Казакстандын ар кайсын радио каналдарынан түн жарымына чейин жан дүйнөсү кыйналган адамдарга эфирден жардам бердик. Бир нече убакыттан кийин психология деген моданы жараттык. Азыр өлкөдө психология кафедрасы жок университет калбай, адистер бул кесипке тартылышууда. Менин максатым – Кыргызстанда да ушундай иш алып баруу. Жылына бир нече ирет келип, жаш психологдорго психоаналитика жаатында тренинг өтүп жатам. Бул ирет суицидди алдын алууну талкууладык. “Бала ыйлабаса эмчек жок” дейт эмеспи, анын сыңарындай басма сөз, мектеп директорлору, мугалимдер, коомчулук психологдорду талап кылса, мамлекет, менимче, сөзсүз бул көйгөйгө көңүл бурат.

12-ноябрь, 2017
https://www.azattyk.org/a/anna_kudiiarova_phsychoanalyst/28848324.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*