Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук эмнеден чыгат (Адвокаттын блогу)

Самара Балтабаева, Юстиция министрлигинин алдындагы Кара-Кулжа райондук Акысыз укуктук жардам борбору

Ата-эне бул жашоонун булагы, бала бул ата эненин жашоодогу шам чырагы.  Турмуштун башаты үй бүлөдөн башталат. Адам жашоосунун кандай болушун эч бири билбейт, жана  алдын ала дагы айта албайт.  Жаратылыштын кооздугун карасан, айлана чөйрө эң сонун, аруу, таптаза. Ал жаратылышты булгаган дагы адамзат.

Зордук-зомбулук бул үй-бүлөдөгу тарбиядан келип чыгат. Ата-эне ичип келип жанжалдашат. Күңдө уруш жанжал болуп, ал үй-бүлөгө жаман таасирин берет. Ал эми ичкилик болсо акча жоктугунан же жумушсуздуктан келип чыгат. Азыркы учурда адамдар мамлекет иш бербесе мен эмне кылам деп жеңил ишке өтүп кетишет. Бир күндүк тамак аш үчүн кандай жаман ыплас иштерге барат.   А сен өзүң иштемчил инсан болсоң жоктон барды жасайсын. Үй-бүлөгө камкор ата, камкор эне болосуң.

Кара-Кулжа районундагы ачылган «Акысыз укуктук кеңеш борборуна» кенеш сурап  келген жарандардын арасынан кээ бир аялзаты “менин күйөөм ичип келип урат, балдарды уруп үйдөн кууп чыгарат, эч кимди укпайт” деп келишет. Эмне үчүн урушасыңар десем, “эч жерде иштебейт, бекерчиликтен чарчап ичип жатам, мага акча бер деп чатак салат” дешет. Бербесен урат. “Россияда иштеп жаткан балам же кызым акча салып турат” деп арыз мунун айтып калышат. Анан турмуш курганыңарга канча болду канча жылдан бери ичет деп сурасам “көп жыл болду же башына кыйын бир иш түштү эле ошондон бери ушул абалга түшүп калды калды” дешет.

Сиз жолдошуңузга жакшы аял, жакшы психолог болуп бериңиз, күнүгө жакшы сөз айтып, жакшы жакка жол көрсөтүнүз. Жолдошунуңузга эне баласына жакшы сөз арнагандай, сиз дагы камкор эне сыяктуу, мээрим төгүшүңүз керек. Силер жолдошуңар ичип келгенде  “дагы ичтинби, эмне болгон сага” деп кыйкырып урушасыңар, ошондо жолдошуңардын психологиясы бузулуп, ар кандай жаман сөздөр айтылып, күтүүсүз нерселер болуп кетиши мүмкүн. Бардыгын сабырдуулук менен, акылдуулук менен чечиңиз  деп жооп берем.

Турмушу бузулган аялзаты

Акыркы маалыматтар боюнча, республикабыздын абак жайларында кармалган аялдардын 80 пайызы КР мыйзамынын “киши өлтүрүү, кол салуу” беренеси боюнча соттолгондор.

Серепчилердин айтымында аял киши чыдамкай болот, көп учурларда алар үйдөгү кысымды, зордук – зомбулукту сыртка ташыбай, эч бир укук коргоо органдарына кайрылбай, өзүн-өзү басып жашап жүрө берет. Алар мындай стресстерден кийин психологдорго да кайрылбайт, аягы келип стресстин жыйынтыгында зордук көрсөткөн адамга жооп кайтарат, көпчүлүк учурларда мындай кол салуулар өлүмгө алып келет. Күндөн күнгө ур-токмокко дуушар болгон аялда коргонуу инстинкти пайда болот да, аффектик абалда ар-кандай күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы аялзаты гана эмес…

Үй-бүлөлүк зордук – зомбулукка кабылгандардын 58 пайызы аялдар, 18 пайызы жаш балдар, 13 пайызы кары-картаңдар жана 7 пайызы эркектер.

Мисалы жумушу жок үйүнөн куулуп калгандар, балдары менен тил табышпаган эркектер да бар. Республика боюнча Жалал-Абад шаарында гана эркектер үчүн кризистик борбор иш алып барат. Бул борборго жашоонун ар кыл кыйынчылыктарына туш болгон эркектер кайрылат.

Андыктан психологиялык, моралдык жардам аялдарга гана эмес, эркектерге да керек. Аял киши көп учурда арманын курбусуна айтып, чогуу иштеген кесиптештери менен бөлүшөт, ал эми эркек киши өзүндө сактап жүрө берип, жыйынтыгында алкоголдук ичимдиктерге, баңги затына берилип кетет.

10.11.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*