Пенсияга чыгуунун жолдору боюнча юристтен кеңеш (Адвокаттын блогу)

Самара Балтабаева, Юстиция министрлигинин алдындагы Кара-Кулжа райондук Акысыз укуктук жардам борбору

Ар кандай мамлекеттерде ардактуу эс алууга чыгуу же пенсияга чыгуу тиешелүү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Биздин өлкөдө да жарандарыбыз жаш курагына, ишинин мүнөзүнө жараша, иш стажына, майыптыгы боюнча ж.б. түрдө пенсияга чыгышат. Айрым жарандарыбыз көп жыл иштеп, аз эле пенсия алам, стажга карата да пенсия өлчөмүн жогорулатса болот эле, деги эле пенсиянын өлчөмүн жогорулатса деген сыяктуу даттанууларды айтып жүрүшөт.

– Иштебеген энелерге кандай пенсия чектелет?

– Балдарды багуу мезгили жалпы камсыздандыруу стажына кирет. Бирок, сиз төрөгөн эне катары пенсияга чыксаңыз, стажыңыз аз болсо анда аз өлчөмдө чектелет. Эгерде, сиз иштей албай турган абалда болсоңуз, анда Социалдык өнүгүү министрлигинен социалдык жөлөк пул чектеп берет. Пенсиялык фонддон алган пенсия жылына көбөйсө, Социалдык өнүгүү министрлигинен  төлөнгөн социалдык пенсия республикалык бюджеттен көз каранды. Андыктан, социалдык пенсия чектелүү гана.

– Канча жаштан пенсияга чыгууга болот?

– Учурдагы мыйзам боюнча Бийик тоолуу шартта жашаган эркектер 55, аялдар 50 жаштан чыгат. Жөнөкөй шартта эркектер 63 төн, аялдар 58 жаштан пенсия алат. Жаш курагы боюнча жалпы негизде толук пенсияга чыгуу үчүн керектүү болгон камсыздандыруу стажы эркектер үчүн-25 жыл, ал эми аялдар үчүн-20 жыл.

Бирок, пенсиянын базалык бөлүгүнөн төлөнө турган 1500 сомду алууга 25 жыл эмгек стажы керек. Ден соолугу болбой калгандыгына байланыштуу аз иштеп, пенсияга чыккандар аз гана пенсия алат. Мындай учурда эрте пенсияга чыккан адамга башка жарандардын которгон акчасынан бөлүнөт. Келечегине кам көргөндөрдүн акчасынан бөлсөң “мен которгон акчаны эмнеге башка адамга бересиң” деген таризде нааразычылыктар жаралууда. Ошондуктан мүмүкүнчүлүгүнө жараша келечегин камсыздап, кошкон салымына жараша алышы керек.

– Россияда иштеген жарандар үчүн келечектеги пенсияны кантип камсыз кылса болот?

– Эки варианты бар. Биринчиден, Россия, Казакстан, Белорусия, Армения жана Кыргызстандан барган мигранттар үчүн пенсия берүү келишими даярдалып каралууда. Сиздин иштеп тапкан акчаңыздан Россиянын пенсия фондуна которулса, жумуш берүүчү тарап кыргызстандык жаран квота менен иштээрин билдириши керек. Ошондо сиз ал жерден пенсия аласыз.

Экинчиден, паспортуңуздагы 14 сандан турган ПИН сиздин Соцфонддогу эсебиңиз. ПИНге айлыгыңыздан же тапкан каражатыңыздан которсоңуз болот. Кыргызстандагы орточо айлыктын 8%ын, тактап айтканда, 13 миң сомдун 1000 сомун которосуз.  Которгон каражатыңыз түштүбү – аны текшериңиз. Которуудан тартып, эмгек стажыңыз жүрөт.

– Россиянын жарандыгын алгандар кандай пенсия алышат?

– Россиянын жарандыгын алгандан кийин ошол өлкөнүн пенсиясын алышат. Эгерде Орус жарандыгын алганга чейин Кыргызстандын Соцфондуна которулган каражатыңыз болсо, пенсия түрүндө которулуп берилет.

– Айыл жеринин жашоочулары пенсияга чыккандан кийин жерин иштетип акча табышат. Шаардыктардын жери жок, бир гана пенсияны күтөт. Айылдыктар менен шаардыктардын пенсиясынын айырмасы барбы?

– Жерди иштеткен адамдын Соцфондго төлөгөн каражаты аз болгондуктан, пенсиясы да аз. Шаардыктар ишканаларда, завод-фабрикаларда, соода түйүндөрүндө иштеп акча которгондуктан, айылдыктарга салыштырмалуу шаардыктардын пенсиясы көбүрөөк. Эгерде, шаардыктар айылдарга барып жер ижарага иштетсе эч ким тоскоол болбойт. Жер иштетип, кирешеден Соцфондго которсо, аны кайра өзү алат.

– Айыл жеринде жумуш жок, иштетейин десе жер жок болуп жатат. Жери дагы, жумушу да жок кийинки муун кантип пенсияга чыгышат?

– Айыл жеринде жашаган жарандар пенсияга жер үлүшүнүн жардамы менен чыга алат. Эгерде силер пенсияга чыккан болсоңор, жер үлүшүңөрдү кызыңарга же уулуңарга документтүү түрдө белек кылгыла. Балдарыңар эч жерде иштебеген соң пенсияга силер берген жер үлүшүнүн жардамы, айыл чарба ишмердиги менен гана чыга алат. Жер үлүшүн толугу менен эмес жарымын белек кылсаңар дагы ошого ылайыктуу пенсия чегерилет.

Дагы башка жолу ай сайын социалдык фондко салык төлөп турушса да болот.

Пенсия алуу үчүн кандай документтер керек?

Пенсияга чыгуу үчүн эң аз дегенде 7-8 жерден тиешелүү документтерди алып баруу керек. Паспорт, эмгек китепчеси, архивдик маалымат, никелешуу тууралуу жана балдарынын туулгандыгы тууралуу куболук, аскердик билет, окуу жайды бүткөндүгү боюнча документ (диплом, атайын орто ж.б.) социалдык фонддон карызы жок экендиги боюнча маалымат, жер салыктарынан карызы жок экендиги боюнча маалымат, айыл өкмөттөн маалымат.

Пенсиянын дагы кандай түрлөрү бар?  

Мыйзам боюнча пенсиялардын төмөндөгүдөй түрлөрү :

а) курагы боюнча;

б) майыптыгы боюнча;

в) баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар белгиленет

10.11.2017

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*