Баткендеги майып жубайларга жардам көрсөтүү үчүн марафон уюштурулат

10-ноябрда Баткен шаарындагы майып жубайлар Элмурат Гаипов менен Кундуз Маматовага жардам көрсөтүү максатында марафон уюштурулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин жубайларга өз атын атагысы келбеген адам соопчулук үчүн 700 миң сомго 5 бөлмөлүү үй курдуруп баштаган. Учурда анын терезелери коюлуп жатат. Айрымдар адамдар үй тиричилигине керектүү буюмдар менен камсыздашкан. Марафонго жергиликтүү тургундар жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү чакырылган.
Жубайлар жөнүндө:
Буга чейин Баткен шаарында жашаган майып жубайлар Элмурат Гаипов менен Кундуз Маматова жөлөк пулдарын үнөмдөп чогултушуп, чаң соргуч жана тамак бышыруучу мультиварка сатып алышкандыгы кабарланган.
Кундуз айым бутунан майып, ал эми жолдошу Элмурат мырза баса албайт. Андыктан үй жыйнап, тамак бышыруу бир топ көйгөй болчу. Жубайлар жөлөк пулдарынан 1500 сомдон үнөмдөп жүрүп, жабдыктарды сатып алышты.
«Эми тамак жасоо же үй тазалоо үчүн ашыкча түйшүк тартпай калдым. Отуруп-туруу кыйын болгондуктан ордумда эле пульт менен баарын жасап жатам», – деген жубайы.

Экөөнүн айтымында, телефон аркылуу таанышып калышкан.
«Телефондон сүйлөшкөндө эле жылдызыбыз келише түштү. Ошондон кийин телефон аркылуу 10 айдан ашык убакыт сүйлөшүп жүрдүк. Акыры баш кошууну чечип, үй-бүлө курдук. Аялдарга тиешелүү бардык жумуштарды жасайм. Үй жыйнайм, кир жууйм, тандырга боюм жетпегендиктен мешке нан бышырам. Бирок алыс жерден суу ташый албайм. Элмурат да 1-топтогу майып болгондуктан дайыма үйдө отурат. Мен бош убактымда апамдан үйрөнгөн чеберчилигим менен алектенем. Көйнөк, кемсел жана белдемчилерди тигем. Өзүмдүн тигүүчү машинам жок, алгач апамдыкын колдонуп жүрдүм. Апамдын көзү өткөн соң эч кимге керегим жок болуп калды. Мектептен билим алган эмесмин. Бирок тигүүчүлүк боюнча атайын курска баргам», – деген Кундуз айым.
Буга чейин Баткен шаардык мэриясы жубайларга үй куруу үчүн жер тилке бөлүп бере тургандыгы белгилүү болгон. Кийин аларга үй куруу үчүн атын атагысы келбеген кайрымдуу адамдардын бири 700 миң сом бөлүп берип, курулуш иштери башталган. Учурда үйдүн дубалдары тургузулуп жатат.

Turmush 

08.11.2017

http://www.turmush.kg/news:334660/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*