Ошто 80 жаштагы эне ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 46, 53 жаштагы эки уулун жалгыз багат

 

Ош шаарынын тургуну Калипа Ибрагимова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эки уулун жалгыз багат.

Үй-бүлөнүн оор жашоо-турмушу тууралуу бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына Ибрагимова өзү айтып берди.

“Мен бой жетип, 17-18 жашымда Кадамжайга турмушка чыктым. Эки уул, бир кыздуу болдук. Бирок жолдошум балдарымды, мени көп сабачу. Көп кордук көрдүм. Ошентип жашабай, ажырашып кеттик. Андан соң өмүр бою өлкөнүн өндүрүш тармагында эмгектенип, мекенге кызмат кылдым. Эми минтип, ал-күчтөн тайып өкмөттүн колун карап калдым. Балдарымдын улуусу 53 жашта. Ал психикалык жактан жабыркаган. Кичүү уулум 46 жашта, ал да 6-7 жылдан бери эки көзү көрбөй калды. Экөөнүн тең ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Мамлекеттен 5 миң сом пенсия алып жашайм. Турмушубуз абдан оор“, – дейт ал.

Калипа Ибрагимова 80 жашта. Карылыктан улам ар кандай оорулар менен күрөшүп келет. Алган пенсиясы азык-түлүктөн артпайт. Башка зарыл нерселерди сатып алууга каражаты жок. Учурда Ош шаарындагы Ош кичи районунун Джим көчөсүндө жашайт.

“Үйүбүздү оңдоп, иретке келтирип берчү адам жок. Балдарым ден соолугуна байланыштуу иштей алышпайт. Айрым учурларда электр жарыгы өчүп калат. Абалыбызды өлкө башчыбыз укса деген тилектемин. Каражат жагынан жардам берсе, баламдын эки көзүнө операция жасатып алсак деп үмүт кылып жатабыз”, – деди Калипа Ибрагимова.

Автор: Акназар Сулайманкулов

Фото: Калипа Ибрагимова

27-07-2017
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/196473/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*