Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын маданият үйүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусунда «Оюн күнү» иш-чарасы өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Иш-чаранын алкагында «Жаңырык желеси» коомдук фонду тарабынан оюн-зоок жана сый тамак уюштурулду.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага аталган коомдук фонддун Оштогу өкүлдөрү катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктары, ата-энелеринин укуктары тууралуу айтып, алардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Мындан сырткары, демилгечилер тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга оюнчуктар, таттуулар, балмуздактар таратылды. Уюштуруу иштерине райондук администрациянын өкүлдөрү көмөктөшкөн.
Turmush
19.06.2017
http://www.turmush.kg/news:326498/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply