Сөз дайра: “мүмкүнчүлүгү чектелген” дебейт

 

“Сөз дайра” түрмөгүндө бүгүн магдыр, магдыра, мадер, майдан, майып деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

Кыргызда көп сүйлөнбөй, унутулуп бараткан сөздүн бири – “магдыр” сөзү. Араб тилинен кирген бул сөз “күч, кубат” дегенди билдирет. Мисалы: “Сырты көркөм, ичинде магдыр жок адамда да, буюмда да боло берет” деген сөз бар.

“Магдыры жок кымыз” десе, даамы жок, кубаты жок кымыз дегенди билдирет.

“Магдыры жок жер” десе, түшүмсүз жер дегенди түшүндүрөт.

“Магдыры жок адам” десе, “тукумсуз (импотент) киши дегенди билдирет.

Ошону менен бирге кээде оң маанини билдирген учуру да болот. Маселен “магдыр тон” десе “жакшы тон” дегени.

* * *

“Магдыра” деген сөз бар. Жан дүйнөңдүн тынчып, ыракатка батып, ушундай бир жаның жай алып калган абалын түшүндүргөн сөз. “Жылкы магдырап эле жуушап калды” дейт. “Бозодон арбын ичип койдум эле, магдыратып уйкумду келтире баштады” дейт.

* * *

“Мадер” деген сөз иран тилинен кирип төл сөзүбүзгө айланып кеткен. “Мадериңди ичкир, мадериңдин канын ич!” деп каргаган. “Мадер” деген “ата” дегенди билдирет.

* * *

“Майдан” деген сөз да бизге иран тилинен киргендиги окуу китептеринде жазылып келет. “Майдан” деген согуш аймагы, “согушчу жер” же орусча “фронт” деген маанини билдирет.

* * *

“Майып” деген сөз, кемтик деген түшүнүк. Көзү азиз же буту төкөр же буту чолок адамдарды жалпы жонунан “майып” деп атап келген элибиз. Кийин эле чет тилинен орус тилине кирип, орустар да туура эмес которуп колдонуп жүргөн сөздү биз дагы ойлонбой которгон бойдон “мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар” деп теңирден тескери сүйлөп калдык. Эки айылды байланыштырып турган көпүрөнү суу алып кетсе, адамдар бири бири менен катташа албай калат. “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар” деп ошолорду айтса болот. Ал эми көзү азиздер, колу-буту чолок же мунжу болуп калган, кемтиги бар адамдарыбызды элибиз байыртадан бери эле көзү сокур болсо, “азиз” деп, буту чолок болсо “майып” деп атап, айтып келген.

* * *

Китеп окубагандыктын, тагыраак айтканда өз тилибиздин кадырына жетпегендиктин айынан эне тилибизди тездик менен бузуп, талкалап, ойронун чыгарып келатабыз.

“Тил деген тилчилердики” деген өтө тайкы түшүнүк. Тил деген – элдики, андан да жакын айтсак тил деген – Энебиздин тили. Ошондуктан “Эне тил” дейт. “Эне тил” деген энебиздей кол тийгис, ыйык экенин эстей жүрөлү. Анткени “Эне тил” деген түшүнүк дүйнөнүн бир да элинде жок. Ал тургай орустар да эне тил дебей, “Родная речь” деп айтат эмеспи.

24-май, 2017
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_soz_daira_duisheev_linguistics/28504878.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*