Майып бала баккандарга айлык төлөп берүү маселеси каралууда

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Жалал-Абад облусундагы балдардын психоневрологиялык мекемесине барган учурда билдирди.

Исакунованын айтымында, министрликте майып балдарды багуучу ата-эне жана башка адамдардын эмгек акысын төлөп берүү боюнча атайын шарттын долбоору даярдалган. Ал долбоорго ылайык, мындай балдардын ата-энелери жашоо минимуму өлчөмүндө айлык акы алуусу каралган. “Бул майып балдардын интернаттарга берилүүсүнүн алдын алмак” деди Таалайгүл Исакунова.

Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык мекемесинде 98 майып бала тарбияланат. Алардын көпчүлүгү талма, шал жана башка оор дартка чалдыккандыктан, туруктуу кароону талап кылат.

26-май, 2017

https://www.azattyk.org/a/28509850.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*