Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылоо ыкма иштелүүдө

Жаңы ыкма мурдагы ийне саюу жана дары-дармек берүү ыкмасынан, кыймыл-аракет жана физикалык усулга өтөт. Ал үчүн өлкө аймактарынан 19 дарыгер чет элдик дарыгерлердин окутуусунан өттү. Улуттук энени жана баланы коргоо борборунун неврологу Нурмухаммед Бабаджановдун маалыматына караганда, мындай ыкманы ишке ашыруу үчүн эми адистерди даярдоо керек. Жыйынтыгында шал оорусу менен жабыркаган балдарга убагында жардам берүүгө шарт түзүлөт. Мындан сырткары, ата-энелер да окутулат. Окуучулар ЮНИСЕФ балдар фондусунун колдоосу менен ишке ашкан. Маалыматка караганда,  Кыргызстанда 28 миң бала мүмкүнчүлүгү чектелген. Анын 6 миңи шал оорусу менен ооруйт.
Айнура Шайкеева
25 – Май 2017
http://www.erkintoo.kg/koom/p/mmknchlg-chektelgen-baldardy-daryloo-ykma-ishteld

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*