Жан кыюуга түрткөн зомбулук

Аялына зомбулук көрсөтүп, жанын кыюуга жеткирди деп айыпталып соттолгон Нурдин Убукеев төрт жылга кесилди. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алган жок.

Кыргыз коомчулугунда аялын сабап, мазактаган, атүгүл өлүмгө чейин жеткирсе да жабылуу аяк жабылуу бойдон калтыруу аракети күч. Кылмышы үчүн камалып, сот жообуна тартылгандар сейрек учурайт. Кылмыш иши козголсо да көптөрү сотко жеткирбей жабууга жан үрөйт.

27 жаштагы Нурзат үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан жанын кыйган аялдардын бири. Анын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишти тергөөнүн жыйынтыгы күйөөсүнүн запкысына чыдабай өз жанын кыюуга барган деген тыянак чыгарды. Анын негизинде сот биринчи инстанцияда ишти карап өкүм чыгарды. Бул тууралуу маркумдун жакындарына укуктук колдоо көрсөтүп жаткан “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди:

– 2015-жылы 27 жаштагы келин өз жанын кыйган. Бул иш биринчи инстанцияда каралып, анын күйөөсү 102-берененин 2-пункту (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча соттолду. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын көбү келин кайтыш болгондон кийин соттук процесс учурунда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде, медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен ачыкка чыгып жатат. “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” деген беренени тастыктоо абдан кыйын. Бул биздин тарыхыбызда экинчи учур болуп жатат.

Зордук-зомбулуктун курмандыгы Нурзат

Зордук-зомбулуктун курмандыгы Нурзат

Өз жанын кыйды делген Нурзат бир үйдүн кичүү, эрке кызы болгон. Ал Нурдин Убукеев менен бир жылдан ашуун гана чогуу жашаган. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек 27 жашында өз жанын кыйып, о дүйнөгө кете берген. Бир тууган эжеси Айзаданын белгилешинче, маркумга күйөөсү турмуш кургандан эки ай өткөндөн кийин эле кол көтөрө баштаган экен.

– Нурдин Нурзатка чейин эки аял кетириптир. Өзү 40 жашта болсо да такыр үйлөнө элек деп деле ойлогон эмеспиз. Бирок үчүнчү жолу үй-бүлө куруп жатканын кийин билдик. Таанышкандан кийин “эмне кылсам, үйлөнөм деп келип жатат, мага Нурдин көп деле жакпайт” деп сурай берчү. Намаз окуса, ичпейт, чекпейт, жакшы эле бала го деп ойлоп, турмушка чыга бер деп кеңеш бердик. Көп деле сүйлөшпөй турмушка чыкты. Баш кошкондон көп өтпөй эле эки айдан кийин кол көтөрө баштаптыр. Ар бир майда-чүйдөгө чейин кирише берчү экен. “Жарыкты эмнеге өчүрбөй койдуң? Сүт ирип кетсе эмнеге иригенге чейин күтөсүң? Ошону өзүң ич” деп кыстачу дейт. Үстөлдүн үстүндөгү нандын күкүмүн сүртүп жатса, “аны ыргытпай жегин” деп оозуна тыкчу экен. Ваннага киргенде ысык сууну агызып койбой улам өчүрүп тур деп киришип, мазактап, кийин ура баштаптыр. Нурзат үйдө отургандыктан материалдык жактан күйөөсүнө көз каранды болчу.

Айзада сиңдиси Нурзаттын өз жанын кыйганына али күнчө ишенбейт. Ал шатыра-шатман жана келечекте өз ишин ачууну кыялданган, планы бар адам мындайга барбайт деген пикирде.

– Экөө балалуу боло элек болчу. Нурзат төрөгөнгө даярданып, дарыланып жаткан. Күйөөсүнө акыркы жолу WhatsApp аркылуу “биздин жакында сага окшош бөбөгүбүз болот” деп сүйүнүп жазганы бар экен. Кийин экөө урушуп кеткен окшойт “балким бала тууралуу ойлонуп көрөбүз дагы” деп жазганы да бар экен. 2015-жылдын 24-декабрында дагы урушуп кетишкен экен. Дарыгерден келатып дары ичкенге суу сатып алып, муздак болгон үчүн иче албай калыптыр. Күйөөсү “сен сатып алып эле ушинтип толук ичпейсиң, чыгым кыласың” деп урушкан экен. Ошол күндөгү уруш суудан башталып урганбы, айтор Нурзаттын алаканы кесилген кан экен. Оозуна тепкенби, далысында шишик бар экени кийин экспертизада аныкталды. Өлгөндөн кийин сөөктү жуугандар далысында колдун тактары турат деп айтышты. Жоолугуна асынып алганын айтышкан. Кийин ал жоолук дагы башка болуп чыкты. Нурдин көк гүлдүү жоолукка асынган деп айткан экен көрсөтмөсүндө. Сотко алып келген жоолук гүлү жок, бир түстүү, кандын изи жок, жаңы экен. Турмушка чыккандан кийин бир жолу атам алып кетип калган. Экинчи кайталанбай турганын айтып кечирим сурап, гүл алып келип алып кеткен болчу. Нурзат өзү медициналык окуу жайды бүткөн. Ал “Нурдинден кетем, өзүмдүн дарыканамды ачам, чет өлкөгө барам” деген пландары бар болсо керек.

Өткөн аптада Бишкектин Октябрь райондук соту Нурдин Убукеевди аялы Нурзатты сабап, жанын кыюуга жеткирди деп тапкан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси боюнча төрт жылга эркинен ажыратылган. Шаардык сот 17-апрелде бул чечимди күчүндө калтырды. Соттолуучу күнөөсүн мойнуна алган жок.

Жабылуу аяк жабылуу бойдон калат…

Эксперттер менен укук коргоочулар айрыкча адамды өлүмгө жеткирген деген 102-беренени далилдөө кыйын экенин белгилеп келишет.

Буга чейин Бишкектеги Феминисттик демилгелер кыймылы аялдардын укугун коргоону бийликке жеткирүү үчүн петицияга кол топтошкон. Жарандык активисттер аялдарга жасалган кылмыштар жазасыз калбаш керектигин талап кылышкан. Анткен менен көп окуяларды кыз-келиндер өз үйүнөн сыртка чыгарбай, жабылуу аяк бойдон калтырышарын, аялга кол көтөргөндөр жазасыз каларын Феминисттик демилгелер кыймылынын мүчөсү, активист Рада Галкина айтат.

– Кыргызстанда өз окуясын эч кимге айтпай, жашырган учурлар көп. Биз социалдык тармактарда кыз-келиндерди өзүнүн башынан өткөн, уккан окуяларын жазууну өтүнгөнбүз. Биз көргөндөр бул көйгөйдүн аз гана бөлүгү, үстү гана болчу. Көптөрү ачык айтканга батынышкан жок. Эмнеге мындай деп ойлондук. Аялдар негизги күнөөлүү адамдын жазасыз каларын айтышты. Бизде тартип коргоо органдары, деги эле мамлекеттик система зомбулукка кабылган аялдарга кол сунбайт. Мындай көйгөй менен кайрылган аялдарды түшүнбөйт, тескерисинче, алардын өзүн күнөөлөгөн учурлар болот. Бул парадокс, бирок чындыгында ушундай.

Кыргызстанда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, зомбулукка кабылгандардын саны 23% түзөт. Ал эми көз карандысыз иликтөө бул санды 50 пайыз деп көрсөткөн.

Кризистик борборлор биримдигинин изилдөөсүндө аялдардын 83 пайызы психологиялык, моралдык, сексуалдык, үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот экен. Айыпталып жаткан 42 учур болсо, алардын бирөө гана сот тарабынан күнөөлүү деп табылат.

Зомбулуктун саны өстү

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 1850 учур катталса, алардын экөө адам өлүмү менен аяктаган. Бул убакыт аралыгында 65 кылмыш иши козголуп, калгандары административдик жазага тартылган. Катталган фактылардын басымдуу бөлүгү күч колдонуу, экинчи орунда психологиялык зомбулук турат.

ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын өкүлү Таалай Алижановдун “Азаттыкка” белгилешинче, соңку учурда ушул маселе менен кайрылгандар көбөйдү. Өткөн жыл ичинде кайрылгандардын саны 7 миңден ашкан.

– Үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу мыйзам 2003-жылдан бери иштеп жатат. Ошол убактан бери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эгер үйдө зомбулук болсо кайрылгыла деп айтып жатабыз. Элдин дагы аң-сезими өсүп, мурункуга караганда кайрылгандардын саны көп болбосо дагы өсүп жатат. Мурда коркчу, тууганыма, балама, жоро-жолдошко уят деп жүрө берчү. Азыр деле арыз жазып, эртеси кайра алып кеткендер бар. Эркектер кайрылып аялдарга айып пул салынган учурлар да жок эмес.

БУУ акыркы баянында Кыргызстанда аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук жана жумушсуздук өскөнүн, үй тиричилиги менен алектенген аялдар эмгекке жарамдуу калктын 72 пайызын түзөрүн жарыялаган. Ошондой эле аялдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 2014-жылы 29 пайыз болсо, 2015-жылы 32 пайыздан ашканы да белгиленген. Укук коргоочулар аялдардын иштебегени алардын көз каранды болушун жана зомбулукту шарттап жатканын айтып келишет.

“Азаттыктын” материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
19-апрель, 2017
http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_woman_violence_society/28436968.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*