Миграция: аталарды издейбиз

Орусияда никесиз төрөгөн мигрант кыз-келиндер, таштанды балдар, дайынын таптырбай жоопкерчиликтен качкан аталар жөнүндө көптөн бери айтылып келет. Өкмөт бир нече жылдан бери таштанды балдарды мекенге кайтарып келгени менен башкы көйгөйлөр дале чечиле элек.

22 жаштагы Айпери жүздөгөн мигрант кыз-келиндердей эле тагдырдын катаал сыноосуна кабылган. Мектепти аяктаар замат Москвага келип, заңгыраган имараттын полун жууп иштеп жүргөн. Айлыгын Кыргызстанга жөнөтүп, ата-энеси алган насыяны төлөп келген.

Мигрант жигитке жолугуп, экөө убактылуу жашап жүргөн. Азыр ал жигиттен дайын жок. Айпери чоң шаарда наристесин өзү багып жатат.

– Экөөбүз жашташ элек. Дүкөндө товар тизип иштечү. Жалал-Абаддык, аты Нурислам болчу. Ага турмушка чыгам деп ойлогон эмесмин. Жөн эле жүрчүмүн. Боюма бүтүп калганда, нике кыйдырганбыз. Бала төрөлүп, үч-төрт ай болгондо айылга барабыз деген. Ичимдеги балага беш ай болгондо атасынын бир тууган карындашы келип көрүп кеткен. Анан эле тиги дайынын билдирбей качып кетти. Качканда дагы менин телефонумдагы дос-тааныш дегендин баарынын дайын-дарегин өчүрүп кетиптир. Азыр Питерде жүрөт деп угуп жатам.

Абортко тыюу салынса мигрант кантет?

Орусияда аялдарга аборт жасатууга тыюу салуу жана таштанды балдар үчүн даярдалган бэби-бокс кутуларын жоюу боюнча даярдалган эки мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү. Адистер бул мыйзам долбоорлор кабыл алынса, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга да таасири тиерин айтышат.

Айпери үч ай мурун шаардык төрөтканада көз жарган. Акчасы жоктугунан баланын документтерин дагы алган эмес.

– Төрөтканага 17 миң рубль карызмын. Азыр медициналык камсыздандыруу жок болсо кабыл албайт экен. Ошентип, баламдын документтери да жок. Акыркы убакта ооруп жатат. Айылдагы үйүбүз күрөөгө коюлган. Мурда мен эле иштеп, болгон акчамды жөнөтчү элем. Алар эми насыяны төлөй албай кыйналып жатышат. Мага эч жардам бере алышпайт… Баланы таштап салайын деп ойлогом. Сатып алабыз дегендер да болду. Ушуну менен балалуу болбой калсамчы деп корктум.

Мыйзамдуу никеге турбай төрөгөн кыз-келиндер, качкын аталар, керексиз оокаттай колдон колго өткөн, айрым учурда акчага сатылган ымыркайлар бул – Москвадагы мигранттардын жашоосунун айтылбаган барагы.

Коомдук ишмер Урмат Байматовага мигрант кыз-келиндер арыз-муңу менен күн сайын кайрылат. Азыр анын карамагындагы эки бөлмөлүү батирде 11 келин эмчектеги баласы менен жашап келет.

– Жети келин иштеп, төртөө калган он бир баланы карап жатат. Эң жашы 20-21 жашта. Бирөөнүкү биринчи турмуш, бирөөнүкү экинчи же үчүнчү. Аял байкуш турмушта жолу болбой калса экинчисине деле үмүт арта берет экен. Балдардын эң чоңу тогуз айга толду. Балдары чоңоюп калган келиндер иштеп, батир акысын төлөп, тамак-аш сатып келет, калгандары балдарды карайт. Бирөөнү тааныш балдар аркылуу Сахалинден таптык, эми ал айлыгын алса бул жакка учуп келет, анан калганын көрөбүз.

Таштанды балдарды тирүүлөй жетим калтырбоо үчүн Байматова бир топ амалкөйлүккө барганын жашырбайт. Орусиянын кең коюнунда жашырынып жүргөн “качкын аталарды” өзүнүн тааныштары аркылуу таптырып, алдап-соолап, кээде коркутуп үйлөнтүп койгон учурлар болот. Эркек таптырбай кетсе, келинди баласы менен Кыргызстанга, төрүнө жеткирген учурлар дагы болгон.

-“Жолдошу Орусияда иштеп жүрөт, менин иниме тийген, азыр бул жакта туруп турсун” деп эки-үч аял менен барабыз. Кошуна-колоң, бир туугандар арасында кыздын жүзүн ачып коюш керек.

Кыргыз өкмөтү алты жыл мурун мигранттардын Орусияда калган таштанды балдарын өлкөгө кайтара баштаган. Өткөн жумада Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Москвадагы балдар үйүнөн таштанды үч ымыркайды алып кетишкен. Бул тууралуу мекеменин адиси Назгүл Чолумова айтып берди.

Азыр күнүгө документтери даяр үч баланы алып келдик, дагы башкалардын документтери каралып жатат. Жалпысынан 2011-жылдан бери 71 баланы алып келдик. Кыргызстанга алып келгенден кийин биз булардын туугандарын издейбиз. Алар табылып, бирок баладан баш тартса, асырап алгандарга бере баштайбыз.

Назгүл Чолумова никесиз, дегеле миграцияда төрөлгөн балдардынден соолугу начар болорун белгилейт. Ага карабай, аларды асырап алган үй-бүлөлөр да жок эмес.

– Жакшы үй-бүлө төрөлгөн баладан деле анча-мынча диагноздор чыгат экен. Булар болсо ата-энеси каалабаган балдар, көбү чабал болот. Бирок багып алган ата-энеси жакшы карап, дарылатса, кам көрсө жакшы болуп кетет.

Кыргыз өкмөтү тарабынан бөлүнгөн каражатка жылына Орусиядан мигранттардын жыйырмага жакын баласы Кыргызстанга кайтарылат. Кез-кезде баланын ата-энеси же алардын туугандары менен байланышып, балдарды өзүнүн үй-бүлөсүнө берген учурлар болот экен. Ал эми көпчүлүк учурда балдарды чоочундар эле асырап алат, калганы балдар үйүндө тарбияланышат.

Лазат Жаныбек кызы

06-апрель, 2017

http://www.azattyk.org/a/russia_kyrgyz_migrants_responsibility/28410111.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*