Тагдыр: Сузакта 4 адамдын мүмкүнчүлүгү чектелген Ж.Сидировдун үй-бүлөсү шыбы түшкөн үйдө жашап жатат (фото)

Сузак районуна караштуу Октябрь айылындагы Жеңиш Сидировдордун үй-бүлөсү бирөөнүн 2 бөлмөлүү үйүндө жашоо кечирип келишет.
Алар үйдүн абалы оор, шарты жок болсо да акысыз жашап жатканына ыраазы. Үйдүн көрүнүшү, шарты ыңгайсыздык жаратканы менен үй-бүлөнүн ынтымагы, жашоого болгон позитивдүү көз караштары барган адамга жылуулук тартуулайт. Бул үй-бүлөдө Ж.Сидировдун 3 баласы, жубайы жана апасы, бир тууган карындашы болуп 6 адам турат. Үй ээси Жеңиш Сидиров, Хатамова Сурмакан биринчи топтогу, бир тууган карындашы Айпери экинчи топтогу майып. Туң кызы Айсезимдин да бутунун өсүүсү өзгөрө баштаган.
Учурда алар жашаган үйдүн кире беришинин шыбы түшкөн абалда турат. Турак жайдын ичинен майда жаракалар кадам аттаганда эле көрүнүп турса, уктоочу бөлмөдөгү шыбында узунунан кеткен майда жарака кооптуулукту жаратууда. Бул үйдүн эң улуусу 58 жаштагы Сурмакан Хатамова үйдүн абалы ойлондуруп жатканын жашырган жок.
«Үй ээсине рахмат, ушул үйдө акысыз көп жылдан бери жашап жатабыз. Тынымсыз жааган жаан-чачын да үйгө таасирин берип жатат. Кокустан катуурак жер титирөө болсо балдарым, неберелерим кырсыктап калабы деп ойлоном. Ушул жаткан бөлмөбүздүн үстү түшпөсө экен деп кудайдан тиленип отурам, жамгыр жааган күнү уйку деле жок», – дейт Сурмакан апа.

Бул үй-бүлө жардам сурап жергиликтүү бийликке улам кайрыла беришпейт. Жер тилке бөлүп берүү өтүнүчү менен гана арыз жазышкан.
Ж.Сидиров кичинекей кезинде, тактап айтканда 4-класска жеткенде бутунун өсүүсү өзгөргөн. Ошентсе да мектепти бүтүрүп, медреседе билим алган. Үчүнчү баласы төрөлгөндөн кийин бел оорусунан улам майып арабага отуруп калган. Таяк таянып жүргөн учурунда эл катары Москвага барып иштеп, автоунаа алган. Азыр ушул унаа менен бүлөсүн багууда. Буга чейин Октябрь— Жалал-Абад каттамына да чыгып көргөн, бирок таксисттердин көптүгүнөн ага кардар жетпей калат.
«Россияда кара тизме чыккандан кийин бизде таксисттер арбып кетти, кезек алуу кыйын. Анан кардарды алуу үчүн жүргүнчүнүн сумкаларын, буюмдарын көтөрө калып, унааларына алып келишет. Мага кардардын буюмдарын көтөрүү кыйынга турат. Таанып-билгендер Ошко башка аймактарга жеткирүүнү суранышат, ошону менен гана тиричилик өтүп жатат», – дейт ал.
Ал мамлекеттен берилген жөлөк пул, туугандарынын көмөгү менен тиричилиги өтүп жатканын белгилейт.
«Коляскада отурган адам үчүн бийликке кайрылуу деле кыйын экен. Жер тилке боюнча айыл өкмөткө арыз жазып жатабыз, айылдык кеңештин депутаттары жер тилке маселесин чечип берүү боюнча сессияда караганын угуп жатабыз. Буюрса биздин үй-бүлөгө жер берилет деген үмүттөбүз», – дейт ал өз сөзүндө.
Үйдүн кадырлуу адамы Сурмакан Хатамова эки кыз, бир уулду тарбиялап, кезегинде эгин талаада, тигүүчү фабрикада иштеген. Белинде чурку пайда болуп, дарыланганы менен 2006-жылдан тарта баспай калып, мындай жашоого да көнгөн. Жөн отурбастан ар кандай буюмдарды токуп отурат. Быйылкы жылы демөөрчүлөр тарабынан «Асыл-Ай» мүмкүнчүлүгү чектелген коомуна келген түрдүү жиптер ага да берилип, кышы менен ар кандай жоолук, моюн орогучтарды түйүп чыкты. Ага буйрутма бергендер да көп болуп, бир аз тыйын топтоду.

«Гүл аралатып түйүлгөн жоолук, шарфтарды, кемселдерди жакшы сатып алышат. Ушул иш менен алаксып отуруп, ооруганымды деле билбей калам. Жип түгөндөндөн бери иши жок отуруп калдым. Жип алуу деле акча экен, ал бизге бир аз оор болуп турат. Жиптен жардам болсо жакшы болот эле», – дейт Сурмакан апа.
Ошондой эле, ал 4-класстагы небересине да түймөнүн ыкмаларын үйрөтүп жатат. Бул үй-бүлөдөгү Жеңиш менен карындашы Айпери жакында эле 3 айлык компьютердик курсту аяктаган. Айпери болсо «Асыл-Ай» коому өткөргөн иш-чараларга активдүү катышып келет. Ал да тигүүчүлүк менен алектенет. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды да жумушка тартуу долбоору менен 4 ай иштеген.
Бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү колунан келген аракетти жасап, жашоо кечирип келишет. Эгер жер тилке берилип калса, тууган уруктардын жардамында 2 бөлмө болсо да үй курууну кыялданышат.

Turmush 

29.03.2017

http://www.turmush.kg/news:322184

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*