Таласта 60 жаштагы майып ата майып балдары менен оор шартта жашап жатат (фото)

Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 60 жаштагы майып тургуну Таалайбек Дастанбеков майып балдары менен оор турмушта күн кечирип жатат. Аймактык кабарчы анын үй-бүлөсүнөн кабар алды.
Анын кызы Айперинин айтымында, апасы 2013-жылы каза болгон.
«Апам айыккыс оорудан көз жумган. 4 жылдан бери бир үй-бүлөдө 4 адам жашайбыз. Атам 2-топтогу майып болсо, эки агам жакшы сүйлөй алышпайт. Өзүбүз барак тамдардын биринде 2 бөлмөлүү үйдө жашайбыз. Эки агам чабан болуп иштейт. Бирок, айлык акыларын толук алышпайт. Жашообуз начар. Айыл өкмөт тарабынан жардам деп бир кап ун, май-чай берилген. Бирок, кышы менен атамдын киерге бут кийими жок жайкы бут кийим менен чыкты. Атам өзү оор жумуштарга жарабагандыктан эки челек суу алып келет», – деди Айпери.
Алардын кошунасы Дамира Каниметованын айтымында, жакшы сүйлөй албаган 2 баласы бирөөнүн малын багып иштешет.
«Эки баласы эртең менен кетип, кечинде келип күн өткөрүп жатат. Ысык-суукка карабай экөөлөп бирөөнүн малын багып келет. Акенин аялы каза болгондон бери абалы бир калыпта эмес. Буларга материалдык жактан жардам берилсе жакшы болмок», – деди ал.
Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийликтен, коомчулуктан жардам сурады.

Turmush

28.03.2017

http://www.turmush.kg/news:322130/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*