Майып аткаминерлерге жардамчы күтүүгө укук берилиши мүмкүн

Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизип жаткан демилгечилер учурда өкмөттө иштеген майып адамдар жок экенин, бирок кийинчерээк жетекчилик кызматтарга мындай адамдар келиши мүмкүндүгүн айтышууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн майып мүчөлөрү жардамчы күтүүгө укук берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту. “КР өкмөтү тууралуу” мыйзамына мындай өзгөртүүнү эл өкүлдөрү Акылбек Жапаров жана Дастан Бекешев сунушташкан. Алар бул демилгени көтөрүп жаткандарынын себебин ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер бир адамдын коштоп жүрүүсүнө, сурдокотормо жана башка жардамдарга муктаж экендиги менен түшүндүрүштү. “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өкмөттө иштеген бир да майып адам жок. Бирок министрлер кабинетинде майып адамдардын пайда болушу коомдо толеранттуулук өнүгүп жатканынан кабар берет. Анткени жарандарда майып адамдар мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо алат деген ой пайда болот”, — деп жазылат маалыматта. Өзгөртүүнүн авторлору эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянып, өлкөдө 170 миң ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар экенин билдирген. Жалпы коомдук талкуу 13-апрелде жыйынтыкталат.

БИШКЕК — Sputnik

15-мар 2017
https://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20170315/1032228112/majyp-atkaminerlerge-zhardamchy-beruu-sunushtalyp-zhatat.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*