Нарында мүмкүнчүлүгү чектелген окуучунун кыялы орундалды.
Регион жетекчиси Аманбай Кайыповдун демилгеси менен “каалоо-тилектер багын” орнотушкан.
Ага каалаган адам келип, өз кыялын кагазга жазып, бакка бекитип кете алмак.
Алардын бири – 6-класстын окуучусу Кубат Рысбек уулу белгилүу ортопед Сабырбек Жумабеков менен жолугууну суранган.
Баланын бир колу өспөй келет. Дарыгер колду узартуу боюнча операцияны жай мезгилине белгиледи.
“Каалоо-тилек багы” 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата орнотулган.
24.02.2017
Leave a Reply