Буту баспаса да базарда иштеген балыкчылык Ж.Кирдикабаковага жаңы майып араба тапшырылды (фото)

Балыкчы шаарынын 49 жаштагы тургуну Ж.Кирдикабаковага «Эне жүрөгү» коому тарабынан жаңы майып араба тапшырылды.
Ж.Кирдикабакованын буту баспаса дагы 4-5 жылдан бери пирожки жасап, базардагы сатуучуларга майып арабасы менен сатып келет.
«Жамалкүл 4 баланын энеси, 1998-жылдан бери буту баспай калган. Биринчи топтогу майып. Жолдошу Мытыев Рыспай экөө тең пенсияга чыгышкан», – деди «Эне жүрөгү» коомунун Балыкчы шаарындагы жетекчиси Бактыгүл Сыдыкова.
Ал эми Ж.Кирдикабакованын айтымында, дарыгерлер ал төрөттөн улам баспай калгандыгын айтышкан.
«30 жашымда бутум баспай калды. Дарыгерлер басып кетесиң деп айтышкан. Ак-Сууга барып, 10 күндөн укалоо жасатып жүрдүм. Балдарым жаш, жолдошум да оорукчан болгондуктан, ал жакта узакка жатып дарылана алган жокмун. Кичинекей балдарымды багыш үчүн өзүм пирожки жасап алып, базардагы сатуучуларга, элдерге сатып жүрдүм. Азыр кыздарым чоноюп калды. Улуу кызыбыз турмушта, калган кыздарым жана уулубуз мектепте окушат. Жашылдандыруу чарбасы отун түшүрүп берди. Тааныган адамдар жардамдашып калышат», – деди Ж.Кирдикабакова.

Turmush 

24.02.2017

http://www.turmush.kg/news:320425/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*