Бойго жете электерге зордук-зомбулук көрсөтүү үчүн жаза күчөтүлдү

Бойго жете электерге зордук-зомбулук көрсөтүү үчүн жаза күчөтүлдү.

Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 3-окууда колдоого алды. Эми ага президент кол коюшу керек.

Эске салсак, документ акыркы убакытта бойго жете электерди зордуктоо учурлары көбөйүп жатканына байланыштуу иштелип чыккан. Ага ылайык, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү үчүн 10 жылга чейин түрмө жазасы киргизилет. Ал эми балдарды өз жанын кыюуга түртүү үчүн 7 жылга чейин, ден-соолугуна олуттуу эмес зыян келтирүү үчүн 3 жылга чейин эркинен ажырап калуу мүмкүн.

Мындан тышкары, педофилдер амнистия укугуна ээ боло албайт.

20.10.2016

http://novosti.kg/kg/bojgo-zhete-elekterge-zorduk-zombuluk-k-rs-t-ch-n-zhaza-k-ch-t-ld/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*