Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети мүмкүнчүлүгү чектелүү өкмөт мүчөлөрү менен парламент депутаттарына кошумча жардамчы кароо максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешев I топтогу мүмкүнчүлүгү чектелүү өкмөт мүчөлөрү менен парламент депутаттарына кошумча жардамчы штат бирдигин берүү үчүн «КР Өкмөтү жөнүндө» жана «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлүп жатканын белгиледи.
Талкуу жыйынтыгында депутаттар коштоп жүрүүгө муктаж болгон майып өкмөт мүчөлөрү менен депутаттарга бирден кошумча жардамчы кароо чечимине келишти.
Turmush
04.10.2016
http://www.turmush.kg/news:312175/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply