Мүмкүнчүлүгү чектелген 130 бала мэриянын эсебинен Ысык-Көлдө эс алып келди

Өспүрүмдөр бир гана эс алуу менен чекелбестен, ар кыл медициналык терапиядан өтүштү.

Бишкек мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген 130 баланы Ысык-Көлдө эс алдырып келди. 

Аталган кадам Бишкек мэриясы менен биргеликте “Оберег” коомдук уюму тарабынан ишке ашырылууда.

“Бишкектин төрт районунан чогулган мүмкүнчүлүгү чектелген 130 бала эс алуудан сырткары, ар кыл медициналык терапиядан өттү”, — деп айтылат маалыматта. 

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн мэриядан 480 миң сом каралып, балдар Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кажы-Сай айылында эс алып кайтышты.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik.
Дабы: http://sputnik.kg/society/20160824/1028733048.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*