Бүгүн, 2-августта Ноокат районунун айыл аймактарында жашаган 1-топтогу майып жарандарга майып арабалар таратылды. Райадминистрация маалымдагандай, районго Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан 16 даана майып араба берилген.
Арабаларды аким Бекболот Айтиев жана Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу А.Малабеков тапшырды.
Turmush
02.08.2016
http://www.turmush.kg/news:307034




Оставить комментарий