“Жубайымдын көзү азиз болсо да, Японияда дүйнөнү багындырды” дейт көзү жакшы көрбөгөн дарыгер (видео, фото)

https://www.youtube.com/watch?v=1CoWLQTyNFQ
 Жашоодо ар кандай тагдырларга туш болобуз. Кимдир бирөө үчүн угуу арман болсо, кимдир бирөөнө көрүү мүмкүнчүлүгү берилген эмес. Бир жагынан кем болсо, экинчи жагынан толукталып, андай адамдардын да кандайдыр бир шыгы, өнөрү болот. Көрүү мүмкүнчүлүгүнө толугу менен ээ болбогон Бахтияр Мамбетказиев көзү көрбөгөн жубайы Японияда дүйнөнү багындыргандыгы тууралуу, өзү Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштээрин SUPER.KG порталына айтып берди. “Аракет кылсаң, берекет” дегендей, Бахтияр Мамбетказиев талыкпас эмгектин арты менен дарыгер болуп калган.

“Менин маңдайыма жазылган тагдыр ушундай экен, бирок мен мүңкүрөп отуруп калган жокмун. Издендим, окудум, аракет кылдым. Консерваторияны бүттүм. Медициналык академияны ийгиликтүү аяктадым. Көзүмдүн көрбөгөнү медицинадагы башка адистикти тандоого тоскоол болду. Ал эми башка нерселер мага тоскоол боло албайт”, – деп билдирди Мамбетказиев.

Атайын укалоо адистигине ээ болгон Бахтияр Мамбетказиев ишенип кызматка алган жетекчиликти уят кылбай, татыктуу иштегенге аракет кыларын айтып, учурда ага бир айлап кезекке тургандар бар экенин белгиледи.

Бахтияр Мамбетказиев келинчеги Гүлүм Касымбаева музыкалык окуу жайды аяктаганын, өткөн жылы Японияда япон тилинде ырдоо боюнча эл аралык фестивалда көзү азиз болсо да 1-орунду алып, өлкөнүн желегин желбиретип келгенине сыймыктанарын айтты.

Фестивалга Япония, Франция, АКШ, Канада, Германия, Армения жана Кыргыз Республикасы жана башка өлкөлөр катышкан. Быйыл Гүлүм Касымбаевага кайрадан фестивалга чакыруу келген. Жол киресинен башкасынын баарын чакырган тарап каржыламай болгон. Японияга фестивалга катышып келүү үчүн Мамбетказиевдердин үй-бүлөсү 2 миң АКШ долларын таппай жатканын айтып, эгерде жардам берүүнү каалагандар болсо баш тартпасын билдирди.

Бахтияр Мамбетказиев келинчеги экөө 4 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Азыркы жаштардай кафе, ресторан, клубдарга барбаганын айтты: “Күн сайын театрларга барчубуз. Фрунзенин бульварын кыдырууну жактырчубуз. Ошол эле учурда окууну өздөштүрүп жүрдүк. Жыйынтыгында бир эмес, бир нече жогорку билимдин ээси болдук”.

Бахтияр Мамбетказиев иш учурунда

Фото: Акназар Сулайманкулов
Автор: Акназар Сулайманкулов
05-07-2016
http://www.super.kg/mobile/kabar/news/153145/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*