Лейлек районундагы Голбо айылында 14-июнь күнү «Канзат» тигүү цехи ишке кирди. Анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 8 кыз-келин иш менен камсыз болду.
Цехтин ачылышына айылдын аксакалдары, активисттер жергиликтүү бийлик жана Лейлектин акими Баймурат Бекмуратов, Исфана шаарынын вице-мэри З.Камалов, шаардын имамы А.Дүйшеев катышты.
Жаңы ачылган цехте сапаттуу кездемелерден улуттук кийимдердин түрлөрүн, чапандарды тигип, сувенирлерди жасашат.
Аталган долбоор «Абилис» фондунун колдоосу менен «Борбор Азиянын аялдары туруктуулук жана тынчтык үчүн» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды.
Turmush
22.06.2016
http://barakelde.turmush.kg/news:300940
Leave a Reply