“Сүйлөгөн шаар”

MVI_6115.MOV_snapshot_00.52_[2016.03.11_10.28.23]

 

«Таяк менен жерди тыкылдатып чукулап, кайда баратканымды билем. Дубалды бойлоп бараткандагы таяктын тыкылдагы бир башка,көлчүктүн боюндагы үнү бир башка болот. “Тоскоолуктардын” аралыгын аныктап, кыйгап өтөм. Жолдун боюндагы цементти, аң-чөнөк, арыкты таяк менен ургулап ажыратам. Ал эми жолдун кесилишине келгенде  машинанын үнүнөн өтүп жатабы же токтоп турабы, боолголоп анан өтөм”.

Көзү көрбөгөн биринчи топтогу майып Таалайбек Сыдыков  мамлекеттик поликлиникалардын биринде массажист болуп иштейт. Ал бизге өз турмушу жана көзү көрбөгөндөр үчүн  шаардын ыңгайы тууралуу кеп салып берди. Анын айтымында сүйлөгөн светофорлор жолдун кесилишинен өткөнгө  өтө ыңгайлуу.

Таалайбек күн сайын жумушка өзү барып келет. “Азыр машина өтө көп. Мурда болсо  жолдун кесилишине келип, таягымды көтөрүп алып  өтүп кете берчүмүн. Азыр анте албайсың. Кишилер түртүп, машина уруп кетиши мүмкүн. Бишкектин тротуарлары майыптар  жүрүшүнө ыңгайланган эмес. Жолдун кырында бордюр жок болгондуктан четине кулап кетишиң мүмкүн. Акырындап сүйлөгөн светофорлор коюла баштады. Бизге мунун жардамы чоң”, – дейт Таалайбек Сыдыков.

Бишкек шаарынын Мэриясынын маалыматы боюнча  бүгүнкү күндө борбордо 219 светофор коюлган жол кесилиши бар.  22 кесилиште  атайын сүйлөп турган светофор коюлган. Булар көзү көрбөгөн адамдарга жол көрсөтүп айтып берип турат.

“Мен жумуш  боюнча Түркияга , Стамбулга барып калдым. Шаардын башкы көчөлөрүнүн баарында  сыйпалап билүүчү рельефтик жөө адам жүрүүчү жолдор бар экен. Жол бүткөндө сыйпалаган рельефтик жол да бүтөт, ошондо  светофорго же башка бир имаратка такалганыңды билесиң. Биз окшогон көрбөгөндөргө абдан жакшы экен”,- дейт Акпар Мендебаиров.

Көп өлкөлөрдө “сүйлөгөн шаар” деген система киргизилген. Бул система шаардагы көзү көрбөгөн жана жүрө албаган майыптарга жардам берип, маалымат берип, багыттап турат. Система жабдуусу майыптын суроосу боюнча үн чыгарып сүйлөп, бараткан багытын аныктоого жардам берет. Бул жабдуу коомдук транспортто,  аялдамаларда, имараттардын  эшигинин алдына жана кире беришине , светофорлорго коюлган. Мындай  система майыптарга эле эмес бардыгына эле абдан ыңгайлуу экендигин көрсөттү.

“Адатта биз , көзү көрбөгөн майыптар, тротуардын чети менен басабыз. Жолдун четин баамдоо кыйын, анткени четин белгилеген бордюр жок. Жолдун так ортосу менен бассаң, эл таягыңа мүдүрүлөт. Андан тышкары, машинелерин тротуарга токтоткон айдоочулар арбын. Биздин шаардын кулагы керең, көзү көр сымал, дүкөндөргө бара албайбыз, жолдон өтө албайбыз”,- дейт Акпар.

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 172,8 миң  саламаттыгы начар, мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт.Сокурлар менен дүлөйлөрдүн Кыргыз коомунун маалыматына таянсак,өлкөдө 5500 көзү сокур адам каттоодо турат. Алардын көпчүлүгү шаарда өз алдынча жүрө албайт, коомдук транспортко түшө албайт, көчөдөн өтүп, жумушка бара албайт. Мындай тирлик ал эмес көзү көргөн адамдарды да стресс кылып  жатпайбы.  Көрбөгөн адамдын автобуска отургандагы стресси  самолетун туңгуюк караңгыда кондурган пилот алган стресске барабар.

Калктын карып-мискин катмарына тиешелүү маселелерди чечүү  акыры барып эле баягы каржыга такалат, каржы болсо мамлекеттин бюджетинде жок. Ошол эле учурда азыр дагы жаңы жолдор, тротуарлар, имараттар курулуп жатпайбы, жок дегенде ушуларды майыптар үчүн ыңгайлаштырып  эл аралык стандарт менен курууга болот эмеспи деген суроо туулат.

Жолдорду, имараттарды, ж.б. куруп жаткан ишкерлерден, курулуш компанияларынан эл аралык стандарттарды талап кылуу үчүн албетте, саясий эрк зарыл, ошол эле мезгилде бийликтин саясий эрки элдин эрки, каалоо-талабы менен шартталат.

 

Автор: Касиет Карачолокова

Сүрөт: жеке архивден алынды

21.06.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*