Юристтин ата-энелерге кеп-кеңеши

Эгерде ата-энеси экөө тең балдарын чоң ата-энелерине же туугандарына таштап ишке кеткиси келген жагдайда тиешелүү органдар аркылуу багып же көзөмөлдөп карап туруу үчүн расмий кагаз толтурганы туура. Мындай кырдаалда балдар мамлекеттин көзөмөлүндө болот.

Ата-энелерге айтаарым: балдарыңарды туугандарга таштаарда расмий багып же көзөмөлдөп туруучулук (опекунство же попечительство) тууралуу документ жасап кетсеңиздер, балаңардын саламаттыгын жана өмүрүн кандайдыр бир даражада “камсыздап койгон” болосуздар. Балдардын кызыкчылыгын жана укугун коргоочу адистешкен орган кызматкерлери баланы алып калган туугандардын үйүнө барып, балдардын жашоо шартын текшерип, баланын өзү менен аңгемелешип, чоо-жайын билип, мектептеги мугалимдери менен кызматташып турат. Кокустан үй-бүлө балага камкордук көрбөй же туура эмес мамиле жасап жатса, бала кыйынчылыкта калып кала турган болсо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар милдеттүү түрдө  иш-чараларды  жүргүзөт.

1) Балага камкордук жана көзөмөлдүк орнотуу расмий кандай жол менен жүргүзүлөт?       

-2012- жылдын 10-июлунда №100 каттоодо кабыл алынган “Балдар тууралуу Кыргыз Республикасынын Кодексинин” 67-беренесинде төмөндөгүдөй жазылган: “Балдарды багуу, тарбиялоо жана билим берүү, ошондой эле алардын укуктарын жана таламдарын коргоо максаттарында ата-энелеринин камкорчулугусуз калган балдардын үстүнөн камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгиленет”. Камкорчулук 14 жашка чыга элек балдардын үстүнөн белгиленет, көзөмөлчүлүк 14төн 18 жашка чейинки курактагы балдардын үстүнөн белгиленет. Камкорчу жана көзөмөлчү аймактык бөлүмгө жаранга камкорчуну же көзөмөлчүнү белгилөө зарылдыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып бир айдын ичинде камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө муктаж адамдын жашаган жери боюнча сот тарабынан балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча дайындалат. Соттун чечиминде мезгил менен аныкталган же белгилүү бир окуялардын болушу көрсөтүлгөн камкорчунун же көзөмөлчүнүн ыйгарым укуктарынын колдонулуу мөөнөттөрү көрсөтүлүшү мүмкүн.

2) Камкордукту же көзөмөлдү орнотуу үчүн кайсы органга кайрылуу керек?

‑ Жашы жете электердин камкорчусу жана көзөмөлчүсү болууну каалаган адамдар аймактык бөлүмгө (калкты социалдык коргоо органына )  арыз жана башка документтерди тиркөө менен кайрылуусу керек. Ата-энелер жүйөлүү себептер боюнча өздөрүнүн ата-энелик милдеттерин аткара албаган мезгилде, тийиштүү адамды көрсөтүү менен алардын баласына камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндө биргелешкен арызды аймактык бөлүмгө бере алышат. Ата-энесинин арызы боюнча камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндө соттун актысында камкорчунун же көзөмөлчүнүн ыйгарым укуктарынын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

3) Камкорчу же көзөмөлчү боло алат  жана ким боло албайт?

-Жашы жеткен, акыл-эси ордунда  адамдар гана камкорчу жана көзөмөлчү болуп дайындалышы мүмкүн. Камкорчу (көзөмөлчү) менен жашы жете электин ортосундагы курактын айырмасы 16 жаштан кем болбошу керек. Жашы жете элекке камкорчуну жана көзөмөлчүнү дайындоодо камкорчунун жан көзөмөлчүнүн адеп-ахлактык жана башка жеке сапаттары, анын камкорчунун жана көзөмөлчүнүн милдетин аткарууга жөндөмдүүлүгү, камкорчу, көзөмөлчү менен баланын ортосундагы мамилелер, камкорчунун жана көзөмөлчүнүн жашы балакатка жете элек үй-бүлө мүчөлөрүнө  болгон мамилеси, ошондой эле эгерде бул мүмкүн болсо, жашы жете элек баланын өзүнүн каалоосу эске алынат. Баланын чоң апа жана чоң атасы, таята, тайэнеси, жашы жеткен бир туугандары анын камкорчусу же көзөмөлчүсү болууга башка бардык адамдардын жанында артыкчылык укукка ээ.

Бир нерсеге баш оту менен берилген адамдар,  акча, карта оюндарына берилип  эсин жоготкондор, мурда камкорчу же көзөмөлчү болуп жүрүп  милдетин аткаруудан четтетилгендер, ата-энелик укуктан ажыратылган же укугу чектелгендер, мурда баланы багып алып , анан кайра  өз күнөөсү менен  багуудан четтетилгендер, саламаттыгынын айынан бала багууга жарабагандар жана соттолгон же мыйзамдуу түрдө соттолгондугу  алынбаган адамдар  камкорчу же көзөмөлчү болуп дайындалбайт.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы №270 Токтомунда бала  багууга жарабай турган оорулардын тизмеси келтирилген. Ошол эле учурда баланы багып алган үй-бүлөгө камкорчулук же көзөмөлчүлүк кылууга уруксат берилет.

4) Бул үчүн кандай документтерди өткөрүү керек?

-Жашы жете электердин камкорчусу жана көзөмөлчүсү болууну каалаган адамдар аймактык бөлүмгө арыз жана ага төмөнкү документтерди тиркөө менен кайрылышат:

1) паспорттун көчүрмөсү (же ким экендигин ырастаган башка документ);

2) нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никеде турушса);

3)жубайынын камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турушса);

4) жашаган жеринен үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

5) соттолгон эместиги жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты;

6) үй-бүлөнүн туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ;

7) камкорчу болууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу оорулардын тизмегине ылайык оорулардын жоктугу тууралуу медициналык корутундусу;

8) иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;

9) арыз ээсинин толук өмүр баяны.

Жашы жете элекке камкорчу жана көзөмөлчү болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуну даярдоо үчүн аймактык бөлүм камкорчу же көзөмөлчү болууну каалаган арыз ээлеринин жашоосунун, социалдык турмуш-тиричилик шарттарын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акты түзөт.

5) Бул укуктук мамилелер кайсы мыйзамдар жана ченемдик – укуктук актылар менен тескелет?

‑ Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө, ишке ашыруу жана токтотууга байланыштуу келип чыккан мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Үй-бүлө кодекси, Балдар жөнүндө кодекси, Граждандык кодекси жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө ЖОБО менен жөнгө салынат.

6) Камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү сөзсүз түрдө  каттоо зарылбы же тууган-туушкандарга ишеним кат берүү менен ыйгарым укук тапшырууга болобу?

-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында  баланын ата-энеси тарабынан өз тууган-туушкандарына ишеним кат аркылуу камкорчу же көзөмөлчү кылуу аракети каралган эмес.  Бирок кээ бир учурларда  кыска мөөнөткө чет өлкөгө чыгып кетип жаткан убакта баланын кызыкчылыгы менен укуктарын коргоо зарылдыгы туулса, мындай ишеним кат берүүгө болот.  Бирок бул иш-аракет камкорчулук жана көзөмөлчүлүк институтун алмаштыра албайт.

 БУУӨПтүн  

“Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү”

 долбоорунун юристи Жылдыз Жумакова.

Маектешкен Касиет Карачолокова.

17.06.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*