Дастан Бекешев: “Мавлян Аскарбековдой активисттер дүлөй адамдарды мыйзамсыз иш-аракеттерге чакырышууда”

150937_1

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 13-июнда Ак үйдүн алдында болгон нааразычылык акция тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, азиздердин жана дүлөйлөрдүн көйгөйүнө эч кандай тиешеси жок активисттер митингчилерди мыйзамсыз иш-аракеттерге чакырышууда.

“Алардын арасында активист Мавлян Аскарбеков жүрдү. Маселени терең билбей эле кийлигишкени туура эмес. Балким, ал өзүнүн атын чыгарыш үчүн эле дүлөй адамдарды митингдерди уюштурууга чакырып жаткандыр”, – деп сындады Бекешев.

“Бүгүнкү нааразычылык акциясына чыккандар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттен бөлүнгөн 225 батир мыйзамсыз берилгенин айтышууда. Алардын айтымдарында, батирлердин бири Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакуновдүн өкүл баласына берилген. Мен Мамбетакунов менен сүйлөшкөм. Ал батирлер маселесин чечип берем деген, бирок маселе чечиле элек. Мындан улам биз жумушчу топту түзүп, тергөө иштерин жүргүзөбүз. Жыйынтыгы бир айдан кийин чыкмакчы. Буга чейин ИИМ, прокуратура тергөө иштерин жүргүзгөн, бирок батирлер мыйзамсыз берилгенин тапкан эмес. Менин оюмча, укук коргоо органдары бул талаш-тартышта жаманатты болуп калбайын деп тергөөнү терең жүргүзгөн эмес”, – деди депутат.

Эскерте кетсек, Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү аталган коомдун төрагасы Калык Мамбетакуновду “тааныш жана туугандарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын атынан үй алып алган” деп айыпташууда.

Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
13-06-2016
http://www.super.kg/kabar/news/150937/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*