Эмне себептен “Майыптыгы бар адамдар тууралуу конвенция” ратификацияланбай жатат?

kon

Союз мезгилинде коомдук мекемелер менен жайлардын баарында «Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптар кезексиз тейленет» деген эскертүүлөр илинип турар эле да, бул эреже кыйшаюусуз аткарылар эле. Азыркы муун муну билбей калды. Себеби улуу согуштун катышуучулары дээрлик жок калды. Ал эми майыптарчы? Майыптар жок калган жок. Тетирисинче, алардын саны ошол согушка катышып, бирок тирүү калгандардын санына тең – бүгүнкү күндө өлкөбүздө 160 миң майып адам бар. Алар эмне көрүнбөйт? Же мамлекеттик, же коомдук мекемелерде, же эл кезекке турган башка жайларда көрүнбөйт? Советтер Союзунун толгон артыкчылыктары бар эң кадырлуу адамдары согуштун катышуучулары болсо, укугу ошолордун укуктарына теңештирилген майып адамдар азыр кайда?

Аларды бүгүнкү коом унуткан, мамлекет унуткан, мамлекеттин адамдардын бири бирине адамча мамилесин уюштуруучу органы болгон өкмөт унуткан. Ошол майыптарга артыкчылык берилген советтик доордо мындай бир шакаба бар эле. Бир нерсеге кезекке котолошуп тургандарга бир адам келип: “Майыпка кезек бергиле, майыпка!”, – дейт. Тургандар жактырбаса да аны алдыга өткөрүүгө аргасыз болушат. Тиги киши алаарын алып чыгып баратат. Байкап карашса алты саны аман эле кишидей. “Сиздин эмнеңиз майып?” – деп сурайт бирөө батьнып. Анда тиги киши сөөмөйү менен мээсин чукуп көрсөтүп: “Менин майыптыгым мобу жерде!”, – деп коюп басып кетет. Кезекте тургандар шылуунга алданганын түшүнүп, сөгүнүп кала беришет. Мына ошонун сыңарындай, бүгүнкү майыптык майыптарда эмес, бийликтердин түшүнүгүндө.

Укуктук коомдо илгеркидей майыптарга артыкчылык берүү деген жок экен. Кайрымдуулук кылуу деген андан бетер жок экен. Укуктук коомдо майыптар менен майып эместердин укуктары бирдей деп жарыяланган соң ошол укукту камсыз кылуу керек экен. Коомдук жана мамлекеттик мекемелерге алты саны амандар кандай кирип чыгып жүрсө, майыптар да дал ошондой кирип чыгып турууга мүмкүнчүлүк алышы керек экен. Ким көрдү эле Ак үйдүн же Көк үйдүн турникеттеринен кайсы бир майыптын коляскасы менен өтүп жатканын?! Башка жайлар менен мекемелерди айтпай эле туралы. Угуусу же көрүүсү начар майыптардын шайлоого келгенин ким көрдү эле?! Кеп майыптарга мына ошол сыяктуу камкордук керек экенин биздин өкмөттүн түшүнбөгөнүндө.

Майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу конвенцияны Бириккен Улуттар Уюму 2006-жылы кабыл алган. Ага биздин Өкмөт беш жылдан кийин гана – 2011-жылы кол койгон. Бирок ал ошол бойдон Жогорку Кеңеште ратификацияланбай калган. Ратификация болбогондон кийин биздин мамлекеттен майыптын укугун талап кылуу мындай турсун, аны адам катары көрөсүңбү деп суроо да мүмкүн эмес. Дал ошол себептүү майыптар бизде киши санынан чыгып олтурат. Балким алардын шайлоо укуктарын да колунда бийлиги барлар өз кызыкчылыгында пайдаланып жатышкандыр.

Бирок иш жүзүндө ушунун баарына жооптуу болгон Өкмөт майыптардын коомдогу ордун да, жарандык укуктарын да, социалдык өзгөчөлүгүн анча түшүнө бербей жатат. Ошондуктан 5 жылдан бери Өкмөттүн билермандары буга бюджетти эңшерген эбегейсиз чоң чыгым кетет деп коркутуп жатышы мүмкүн. Имараттарга майыптын коляскасы кирип чыга турган шарт түзүп коюу мамлекеттик бюджетти банкрот кылат деп алар кимди ишендире алат?

Демек, маселе бюджетте же башка жагдайларда эмес. Маселе, маселенин маанисин түшүнбөөдө. 160 миң мекендешти адам катары көрбөөдө. Ошончо калк аргасыз үй күчүк болбой, коомдук турмушка активдүү аралашса кайтарымы ошол чыгымдардан эселеп ашаарын бийлик ээлери түшүнүүсү жана кабыл алуусу зарыл.

Бул материал БУУӨПтүн «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Умар Бек Аймак.КГ, 22.02.2016,
http://aimak.kg/bashki_janylyktar/5587-emne-sebepten-mayyptygy-bar-adamdar-tuuraluu-konvenciya-ratifikaciyalanbay-zhatat.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*