Кыргызстанда кош бойлуулуктун алгачкы убактарында аялдарды медика-генетикалык тестирлөөдөн өткөрүү боюнча атайын борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
-Тилекке каршы, 21-кылымда балдардын келечекте майып төрөлүп калышын аныктоочу, кош бойлуу аялды алгачкы күндөрдө тесттен өткөрчү Кыргызстанда бир дагы техникалык мүмкүнчүлүк жок. Биз буга байланыштуу борбор куруу боюнча планга киргиздик. Биз убагында мындай адистерди да даярдаган эмеспиз. Керек учурда анализди чет өлкөдөн өткөрөбүз. Бул биздин кемчилигибиз.
Азыркы тапта Кыргызстанда 162 миң майып бар болсо, алардын 27 миңи 18 жашка чейинкилер. Адистер акыркы мезгилде тубаса майыптык менен төрөлгөн балдардын саны улам көбөйүп жатканын белгилеп келишет.
Leave a Reply