Жарандардын билим алууга укуктары

Октябрь революциясы жеңип, социализм орногону кыргыз калкы үчүн абдан маанилүү экендиги талашсыз. Анткени бүгүнкү цивилизациялуу өнүгүүгө жетишкенибизге анын түздөн-түз тиешеси бар.

Башка жана башкы жетишкендиктердин бири-бул агартуу маселесинин чечилиши, кыргыз элинин дээрлик 100 пайыз билимдүү болушу. Бул жерде жалаң гана жогорку билим эмес, жалпы орто билим-мектептик билим тууралуу айтылып жатат. Союз учурунда эле кыргыз эли 100 пайыз билимдүүлүккө жетишти делген маалымат таркаган. Союз мезгилинде мектепке тартылбай калган бала болгон эмес десек жаңылышпайбыз. Мектепке тартылбай калуу маселеси бир замандан экинчи заманга өткөн азыркы кыйынчылык чакта болуп жатат.

Миграция процессинин ж.б. себептерден улам жер-жерлерде окууга тартылбай калган учурлар жок эмес. “Көчө балдары” деген түшүнүк пайда болду. Азыркы кыйынчылык мезгилде жумушсуздуктан улам, миграция күч алып, айрым  балдар үйлөрүнөн качып, көчөдө кароосуз калган балдар пайда болду. Алардын айрымдарына  эл аралык уюмдардын демөөрчүлүгү менен  иштеген бейөкмөт уюмдар жардам беришүүдө.

Албетте, билим  берүү тармагы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү тармактар ар бир келечек ээсинин билим алуусу үчүн камкордук көрүүсү зарыл жана көчө балдары болбошу керек.

Негизи Башкы мыйзамыбыз-Конституцияда өлкөбүздүн жарандарынын билим алуу укугу кепилденген. Окууга жашы жеткен ар бир бала улутуна, ата-энесинин кайда иштегенине же алардын бар же жок экендигине карабастан мектепке кирүүгө укуктуу. Мектепте окуу акысыз жүргүзүлөт, ал түгүл окуу китептери дагы бекер берилет.

Каалагандар жана мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер балдарын акы төлөп, менчик мектептерге, лицейлерге берип жатышат. Албетте, менчик окуу мектептеринин программасы сөзсүз түрдө мамлекеттик мектеп өтө турган программаны өзүнө камтыйт жана сөзсүз түрдө камтышына  КР Билим берүү министрлиги көзөмөл кылат.

Жалпы орто билим негизги деп аталат жана ал орто мектептерде окутулат, орто мектепти бүтүп билим алуугу ар ким укуктуу жана билим алуу үчүн окуу жайларынын саны бүгүн арбын.

Ошондуктан, ар бир бала мектепте окуш керек. Мамлекет бардык жарандар үчүн ар кимдин жөндөмүнө  жана мүмкүнчүлүгүнө жараша  кесиптик, атайын орто жана жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Бул мүмкүнчүлүк жарандарга мамлекеттик окуу жайлардан билим берүү менен гана ишке ашырылбайт, анткени билим алууну каалаган адамдын баарын окуу жайларга кабыл алып окутуу мүмкүн эмес. Ошондуктан мамлекеттик эмес, коммерциялык окуу жайларды ачууга уруксат берилген. Алардын санына чектөө коюлат. Билим берүү министрлигинен окуу жайынын талабына жооп берген лицей, колледждер лицензия алышып, көптөгөн жаштарды окутуп жатышат.

Кыргызстанда жаштардын билим деңгээли кыйла жогору. Маалыматтарга ылайык, мында 16 жаштан 30 жашка чейинки курактагы 1000 адамга жогорку билимдүү 50 адам, толук эмес жогорку билимдүү жана атайын орто билимдүү 155 адам, жалпы орто билимдүү 536 адам жана толук эмес орто билимдүү 220 адам туура келет.

Жаштардын сапаттуу билим алышына мүмкүнчүлүктөр көп. Республиканын 40ка жакын жогорку окуу жайларында жана техникумдарында 146 адистиктер боюнча 60 миңден ашык студенттер окушат.

Мамлекетибиздин эгемендүүлүк жылдарынын ичи көптөгөн жаңы окуу жайлары ачылды. Азыркы мезгилде биздин өлкөгө келип жаткан чет өлкөлүк инвестициялардын кыйла бөлүгү билим берүүгө жана кадрларды даярдоого, студенттик аудиторияларды азыркы учурдун техникасы менен жабдууга жумшалууда, илимий жана билим берүү программаларына чет өлкөлүк гранттар бөлүнүүдө.

Демек, жогорку айтылгандардан улам Кыргыз Республикасында билим алууга бардык жарандар укуктуу жана  билим алууга шарттар түзүлгөн деп айтууга толук негиз бар. Маселе-билим алуунун сапатын жакшыртууда турат. Мунун ичинде билим алууда китептер менен жана квалификациялуу  адистер-окутуучулар менен камсыздоо маселеси да бар. Алсак, айыл эмес шаар жерлеринде да мектептерде физика, математика ж.б. предметтерден мугалимдер жетишпейт. Союз ыдыраганда тарых сабагын окутууда маселе жаралган, кандай тарыхты окутуу керектиги маселеси туулган.

Мектептерде, орто кесиптик окуу жайларында, ЖОЖдордо китеп фондусу жетишээрлик деңгээлде эмес. Россия, Франция ж.б. өлкөлөрдөгүдөй  бай китепканалар жок, башка чет элдик китепканалар менен эл аралык абоненттик  байланыштар түзүлгөн эмес. Ошондой байкуш студенттердин интернеттен башка кайсыл аргасы калат? Маселен, ЖОЖдордо окутуучулар курстук иштерди, дипломдук иштерди интернеттен албай, китептерден окуп жазгыла деп талап кылышат. Бирок, дүйнөлүк деңгээлдеги темаларды илимий ж.б. темаларды жазууда тиешелүү адабияттарды экинчи борбордогу ЖОЖдордун китепканасынан эмес, борбордогу ЖОЖдордон же ведомстволук китепканалардан да табууга болбойт. Керектүү адабияттарды пайдалануу укугу ушинтип чектелип калууда. Бул багытта да аракеттенип, китепканаларды бай көркөм да, илимий да адабияттар менен камсыздоо керек.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

К.Кыдыралиева, Ош жаңырыгы, 16.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*