Тагалары жээнин үйдөн кууп чыгышты

Бир тууган тагалары жээнин үйүнөн кууп чыгышып, мал-мүлкүн тартып алышты.

Жалал-Абад шаарында бир тууган тагалары жээнин үйүнөн кууп чыгышып, бар мал-мүлкүн тартып алышты. Мындай маалыматты жабырлануучунун жубайы Акзирек Адамова билдирди.

А.Адамованын айтымында, күйөөсүнүн бир тууган тагалары 1 ай мурун үйүнөн кууп чыгышкан.

Жолдошум кичинесинен тагаларынын колунда чоңоюп калган. Тагаларынын баары окуп, иштеп ар тарапка кетишкенинен таене таятасы багып алган. 5 жашына баштап таята, таенесине каралашып, улгайганда багып жүрүп, жакында таятасы өтүп кетти. Эми болсо тагалары үйдөн чыгып кетишин талап кылып, кууп чыгышты. Орусияга барып иштеп келген бар мүлкүн да алып калышты. Үй чынында таятасынын наамында. “Сен жээнсин. Үй өзүбүзгө калышы керек. Сени атамдар багып чоңойткон. Ошого ыраазы бол”,-деп жатышат жолдошумдун тагалары,-дейт А.Адамова.

Бул боюнча юридикалык акысыз кеңеш берүүчү Укук жана Мыйзам компаниясынын директору Нургазы Абдувалиев төмөндөгүчө жооп берди.

-Үй таятасынын наамында болуп, эч кимге мурас кылып каттата элек болгон болсо, көзү өткөндөн кийин  мыйзам чегинде таенесине өтөт. Эгер таенеси үй-жайын жээн небересине берүүгө макул болсо, өз каалоосу менен мыйзамдаштырып өткөрүп берүүгө укуктуу. Ошондой жол менен гана үйдү албаса башка жолу жок.

Ал эми Н.Абдувалиевдин айтуусунда жогорудагы маселеге окшош көйгөйлөр менен кайрылган жарандардын саны күн санап өсүүдө. Тактап айтканда акыркы 1 айда эле үй талашуу маселеси менен 40ка чукул жаран кеңеш сурап кайрылышкан.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды” 

Даярдаган: Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”, 12.01.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*