Мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр майыптыгын далилдеп турууга мажбур

Алар эмгекке жарамдуу эмес деген негизде мамлекеттен жөлөк пул алуу үчүн жарым жыл сайын медициналык кароодон өтүп турушу керек. Бул шартты аткаруу —  мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр үчүн ашыкча чыгым жана убарагерчилик. Андыктан мыйзамды өзгөртүүнү суранышууда.

Талант Аттокуров — 2-топтогу майып. Ал 2010-жылдагы Ош окуясында башына ок жеген. Дарыгерлер аны жарааттан айыгып кетти дегени менен учурда Талант оор ишке жараксыз болуп калганын айтат.

“Мен жумушка орношуп, иштей албайм. Анткени сөз көтөрө албайм, нервим жукарып калган, бирөө  бирдеме десе эле уруша кетем. Мендей адамды соо деп айтууга мүмкүн эмес”,- дейт Аттокуров.

Майыптыкты алгандан кийин Талант Аттокуровго айына 4,5 миң сом пенсия чыгып турган. Акыркы бир жылдан бери ал мамлекеттен акча албай калды. Анткени талапка ылайык, майыптар жыл сайын белгиленген убакта саламаттыгын текшертип, эмгекке жарамдуу эместигин далилдеген аныктама алыш үчүн дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп турууга тийиш. Бирок бул талапты аткаруу жумушсуз , жалгыз пенсиянын көзүн караган майыптар үчүн чоң чыгым дешет мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар.

«Мисалы, алты ай сайын Бишкектеги госпиталга жатып, анализ тапшырып келишибиз керек. Жарым жыл сайын эле ооруканага бара бергенге бизде шарт жок. Борборго барганга жол акы керек, ал жакта жатканга жайыбыз жок, мунун баары акча да. Ооруканага жатып алсаң, бирөө-жарым тамак ташыйт. Ким төлөйт ушул чыгымдарды!?»- деп нааразы Талант Аттокуров.

Ал кошумчалагандай, социалдык жактан коргоо башкармалыгынын жобосун аткара албай калып, пенсиясы токтотулуп, каржы жактан кыйынчылык тартып жаткан майыптар көп.

«Биз коом түзгөнбүз. Ошого мүчө болгон адамдардын жүздөйүнүн пенсиясы токтоп калган. Баарынын эле көйгөйү ушул, кайрадан анализ тапшырыш керек, ага алардын акчасы да, мүмкүнчүлүгү да жок».

Ал эми социалдык жактан коргоо башкармалыгы бул жоболор мурунку совет өлкөлөрүнүн баардыгында эле бар экенин белгилеп, текшерүүдөн өтүп туруу адам укуктарына каршы келбейт дешет.

«Ар кайсы топтогу майыптар үчүн талап ар кандай. 2-топтогулар ар 6 айда, биринчи топтогулар бир жылда бир жолу анализ тапшырышат, 3-топтогу майыптар квартал сайын текшерилет. Бул жоболор качантан бери эле иштеп келатат»,- дейт Ош шаардык калкты социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алтынбек Сулуев.

Учурда Ош шаарында 7 445 майып адам каттоодо турат. Өткөн жылдарга салыштырмалуу алардын саны айзганы байкалууда дешет соцбашкармалык адистери. Муну алар июнь окуясынан кийин майыптык алган жарандардын көбүнүн ден-соолугу калыбына келгени менен байланыштырышат. Бирок мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар бул ойго кошула албайт. Алардын пикиринде улам текшерилип турууга акчасы жетпегенден улам көпчүлүк майыптыгын далилдей албай калды.

«Ош шаардык калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын кызматкери комиссиядан өткүлө, больницага жаткыла, силер жакшы болуп кетесиңер дейт. Мен майыптардын жакшы болуп кеткенин көргөн эмесмин. Ал өмүр бою майып болуп калат да»,- дейт Талант Аттокуров.

Аттокуров мүчө болгон «Өчпөс от» коому мүмкүнчүлүгү чектелүүлөрдү түйшүккө салган бул мыйзамды өзгөртүүнү суранып, өлкө башчысына кат жолдоо ниетинде.

Бир нече жыл мурун туубаса же жараатан кийинки сөөк кемтиги бар майыптар 18 жашка чыкканга чейин текшерүүдөн өтүп, майыптыгын далилдебей эле койсо боло турган мыйзам чыккан. Андан тышкары женилирээк сөөк кемтиги бар балдар үч жылда бир комиссиядан өтүшөт. Калгандары ар үч жана алты айда, бир жылда анализ тапшырып турууга милдеттүү.

«Ош шаарында 7,5 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелүү адамга мамлекет жылына жүз миндеген акча каржатын бөлүп турат, пенсияларын өз убагында алышат. Бирок алар баары бир анализ тапшырып турууга тийиш, анткени кээ бири жакшы болуп кетет»,- дейт Ош шаардык калкты социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алтынбек Сулуев.

Өткөн жылдарга салыштырганда быйыл Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптан көрсөтүлүүчү жардам үч эсеге көбөйгөнүн мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жылына 90 миң сом акча каражаты бөлүнүп келсе, быйыл жылдагыдан үч эсеге көп акча же 320 миң сом бөлүнгөн.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Жанна Аскарова, Азаттык үнү, Ош,
Макаланын дареги: http://vof.kg/?p=29016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*