Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алууга укуктуу

Жашоодо ар кандай себептер менен  инсан майыптыкка кабылып калат. Кээ бири тубаса болсо, кээ бири кырсыктан денеге жаракат алып, майыптыкка учурайт. Бирок, майып адамдардын укуктары өлкөбүздө чектелбейт, алар бардык жарандар  кандай укуктарга ээ болсо ошондой укуктарга ээ. Ал эле эмес, тиешелүү социалдык колдоолор көрсөтүлөт. Албетте, социалдык колдоолор керектүү деңгээлде көрсөтүлдү деп айтуу кыйын. Анткени бүгүнкү күндө социалдык муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген инсандар аз эмес.

Биз бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелген  балдардын билим алууга укуктары тууралуу айтмакчыбыз. Дароо эле белгилеп кете турган болсок, өлкөбүздө майып же мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мекемелери бар. Атап айтсак, Бишкек шаарындагы таяныч-кыймылдатуучу органдары начар балдар үчүн Бишкек шаарында №77-мектеп бар. Сүйлөө кеби начарлар үчүн Бишкек шаарында №№126,87,117,122-мектеп, Ош шаарында №36-мектеп, Чүй областынын Сокулук айылында сүйлөө кеби оор балдар үчүн республикалык мектеп бар.

Кулагы укпаган балдар үчүн Бишкек шаарында №48,87-мектеп, Ош шаарында №37-мектеп, Кара-Суу районунда жана Бишкек шаарында мектеп-интернат, угуусу начар жана кийин укпай калган балдар үчүн Бишкек шаарында мектеп бар.

Мындан тышкары психикалык жактан өнүгүүсү начар балдар үчүн Бишкек  шаарында №№48,104- мектептер, №11,19,3-мектептердеги коррекциялык класстар, Нижне-Чуйское айылындагы мектеп-интернаты жайгашкан.

Ал эми көрүүсү начарлар көзү көрбөгөндөр үчүн Бишкек шаарында №174-мектеп жана Ош шаарында  №25- мектеп бар. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында атайын мектеп-интернаттары бар.

Интеллекти бузулган балдар (өнүгүүдөн жеңил артта калуу)  Бишкек шаарындагы №№ 22,30,34  жардамчы мектептиринен, Ош шаарында №12-мектептен жана Чүй областындагы Дмитриевка, Красная-Речка, Петровка, Орто-Суу айылдарындагы, Талас областындагы Кум-Арык, Баткен областындагы /ч-Коргон жана Сүлүктү шаарындагы  жардамчы мектептери бар.

Көрүнүп тургандай, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн билим алууга билим берүү мекмелери жана анда шарттар да бар.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектепке чейинки билим алуусу тууралуу айтсак,  атайын мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерге жана мектептерге ата-энелердин ( же мыйзамдуу өкүлдөрдүн)  макулдугу менен психологдук-медициналык-педагогикалык кеңештин бүтүмү менен алынат.

Көпчүлүк балдар мектепке чейин квалификациялуу адистердин жардамын өз убагында алып, өзүнүн окуусун жалпы билим берүүчү мектептерден (коррекциялык эмес) улантса болот. Бул максаттарда Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун колдоосу менен мектепке чейинки даярдоо үчүн  Аламүдүн районунда №1-орто мектебинде, Нарын шаарында №7-мектепте жана Ош шаарында №8-Навои атындагы орто мектебинде ресурстук борборлор ачылган жана иштеп жатат.

Биз  жогоруда аталган мектеп-интернаттардын бири- Ош шаарындагы көзү көрбөгөн жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты тууралуу айтып кетмекчибиз.  Аталган мектеп-интернаты 2003-жылы ачылган. Жалпысынан 140 окуучуга ылайыкталган. Учурда 112 окуучу билим алып жатат. Алардын ичинен 68и уул балдар, 44ү кыз балдар. Ал эми педагогикалык кызматкерлердин саны-32. Алардын ичинен 20сы-мугалимдер, 12си-тарбиячылар.

Мектеп-интернаттын негизги милдеттеринен болуп окутуу, тарбиялоо, кесиптик-эмгектик даярдоо аркылуу көрүүсү начар болгон жана көзү көрбөгөн балдардын дефектин жана өздүк сапатын коррекциялоо болуп саналат. Ошондой эле балдарда жалпы адамзаттык баалуулуктарды, социалдык адаптацияны калыптандыруу жана тарбиялануучуларды коомго интеграциялоо  жүргүзүлөт.

Мектеп-интернатында окуучулардын потенциалын максималдуу өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Алар үчүн ден-соолугун чыңдоого спорт залы курулуп, бүткөрүлдү. Ошондой эле тейлөөчү жана техникалык эмгек боюнча устаканасы да курулуп берилди.

Алынган маалыматка ылайык, мектеп-интернатына окуучулар өлкөбүздүн түштүк аймагындагы Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынан келип окушат. Негизинен окуучулар жолдомо каты менен келишет.

Окуучулар ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мектеп-интернатында  иш-чаралары, башка да максаттуу аракеттер көрүлүп келет. Атап айтсак, 2014-жылдын май айында КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешовдун чакыруусу менен жогорку класстын окуучулары Жогорку Кеңешке барып келишти. Ал жерден окуучулар Парламенттин кеңешмесине катышышып, Дастан Бекешов менен баарлашышты.

Мектеп-интернатынын директору  Кудайкулова Айгүл Мамажановна өзүнүн ынтымактуу жана өз ишине сүйүү, жоопкерчилик менен мамиле жасаган жамааты менен чаалыкпай иштешүүдө. Окуучулардын  бул мектеп-интернатынан жакшы билим жана тарбия алышы үчүн педагогдор жамааты  астейдил ынтаа менен эмгектенишет.

Мектеп интернаттын  маселелери да бар. Бүгүнкү күндө компьютердик билим алуу үчүн, ар түрдүү долбоорлор жана программалар боюнча мүмкүн болгон дистанциялык окутуулар үчүн, ошондой эле өздөрүнүн курдштары менен интернет түйүндөрүнөн баарлашуу үчүн компьютерлер жана оргтехника жеишпейт. Мындан тышкары мында билим алып жатышкан окуучулардын көз карашын жана ички дүйнөсүн байытуу үчүн көркөм адабий китептер жетишпейт.

Жогорку маселеден тышкары өтө зарыл керектүү нерселерге-мебелдерге: керебеттер, кребеттердин жынына коюлуучу тумбочкалар, китеп шкафтарына мектеп-интернаты  муктаж. Бул эле эмес окуучуларга тамак жасалчу  ашканасы үчүн жаңы электр плитасы, муздаткыч өтө зарыл. Ошол эле ашканага столдор жана стулдар керек.

Мына ушул маселелерди чечүү үчүн, албетте,  бир топ каражат керек. Бул үчүн мамлекет тарабынан акча каражаты каралып, зарыл буюмдар алып берилүүсү абзел. Мындан тышкары демөөрчүлөрдүн, эл  аралык уюмдардын жардамына мектеп-интернаты муктаж.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

К.Кыдыралиева, “Ош жаңырыгы”, 28.11.2015 

2 Comments

  1. Ассалоому алейкум менин кызым 8 жашта мумкунчулугу чектелген Кайда кимге кайрыламын айылда Орто мектепте окуп аткан жакында Бишкеке келгенбиз….же Орто мектепке киргизе бергеним онбу озу кызым акылдуу тамгаларды билет бирок суйлой элек кулагы угат

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*