Укуктук маалыматтар топтомунун мобилдик версиясынын бет ачары

mob

КР Юстиция министрлигинин улуттук залында укуктук маалыматтардын борборлоштурулган топтомунун Ачык маалыматтарынын жана мобилдик версиясынын бет ачары болуп өттү. Бет ачар ушул жылдын 17-ноябрында Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева менен ПРООНдун “Демократиялык башкаруу” багытынын программалык жетекчиси Александр Кашкараевдин катышуусу менен өткөрүлдү.

Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган топтому биздин министрликтин сайтында 2001-жылдан 2009-жылга чейин иштеп келген. Бирок ал маалымат топтомдору компьютердик техниканын, серверлердин ж.б. компьютер техникасынын эскиргендигине жана аны көзөмөлдөп турган информациялык технология адистеринин жоктугуна байланыштуу токтоп калган. Мындан тышкары Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган топтомунун ишин жеткиликтүү деңгээлде кармап туруш үчүн финансылык мүмкүнчүлүктүн жетишсиздиги да негизги көйгөй болуп калган. Ошентип 2013-жылы гана биздин ПРООН менен биргелешип көргөн аракетибиздин натыйжасында маалыматтар топтому кайрадан иштей баштады. Ошону менен ал жарандардын КРнын бардык нормативдик актыларына интернет байланышы аркылуу акысыз киришине мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жылдыз Мамбеталиева, КР Юстиция министри:
“Укуктук маалыматтар топтомуна эми жол ачык”

– Азыркы учурда Маалыматтардын борборлоштурулган топтому Юстиция министрлигинин сайтында 1990-жылдан берки КР мыйзамдары менен нормативдик актылары, КР Президентинин указдары, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн токтомдору, БШКнын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын токтомдору камтылган. Анда 77 миңден ашык документтер бар. Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган топтому биздин министрликтин сайтына 2001-жылдан 2009-жылга чейин иштеп келген. Бирок ал маалымат топтомдору компьютердик техниканын, серверлердин ж.б. компьютер техникасынын эскиргендигине жана аны көзөмөлдөп турган информациялык технология адистеринин жоктугуна байланыштуу токтоп калган.

Мындан тышкары Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган топтомунун ишин жеткиликтүү деңгээлде кармап туруш үчүн финансылык мүмкүнчүлүктүн жетишсиздиги да негизги көйгөй болуп калган. Ошентип 2013-жылы гана биздин ПРООН менен биргелешип көргөн аракетибиздин натыйжасында маалыматтар топтому кайрадан иштей баштады. Ошону менен ал жарандардын КРнын бардык нормативдик актыларына интернет байланышы аркылуу акысыз киришине мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Маалыматтардын борборлоштурулган топтомуна суткасына миңден кем эмес адам кирип турат. Жумасына 250 документ киргизилип, маалыматтар автоматтык түрдѳ жаңыланып турат.

Азиз Ибрагимов, эксперт-программист:
“Уюлдук телефон же планшеттен бул программаны жүктөй аласыздар” 

– Азыркы тапта мыйзам жазгандар ал мыйзамды ачыктап гана койсо, новаторлор ѳздѳрү кайсы мыйзам же жарлык коомго зарыл керектигин иштеп чыга алат. Чындыгында азыр интернеттин заманы, мобилдүү, жыйнактуулуктун доору. Биз бүгүндѳн баштап укуктук маалыматтар ачык болду деп сыймыктануу менен айта алабыз. Бул ачык маалыматты мобилдик тиркемеңде иштеп чыгууга Юстиция министрлиги абдан чоң жардам берди. Алар маалыматты ачыктады. Эми бул мобилдик тиркемеге токтоло кетейин. Азыр кимдин колунда Android программасы кармаган уюлдук телефон же планшет болсо, кадимкидей Google Playге кирип, бул программаны акысыз жүктѳй алат. Программада эки тил камтылган: эне тил жана расмий тил. Бардык интерфейсти настройка-күүгө кирип, ѳзүңүзгѳ ыңгайлаштырып алсаңыз болот. Керектүү маалыматты тандалмаларга кошуп, коомго керектүү болгон мыйзамды социалдык желелерге жүктѳп кое аласыздар. Бул жерде дагы бир ѳзгѳчѳлүк: эгерде сиз «Мүмкүнчүлүгү чектелген» деп издесеңиз, ушул мүмкүнчүлүк деген сѳзгѳ тиешелүү баардык материалдар табылат. Укуктук маалымат алуу акысыз жана жеңил.

Александр Кашкараев, программалык жетекчи:
“Программа активдүү иштесе, калктын бардык суроолору канааттандырылат” 

– Укуктук суроолорго жооп алуу биздин коомдо эң башкы ролдорду ойноп келет. Бул программа активдүү иштесе биздин жергиликтүү калк баардык суроолоруна канааттандырарлык деңгээлде жооп алат деп ишенем. Эми мурдагыдай атайын келип, кезек күтүп убакытты жоготпостон, аталган программага кирип, издѳѳчү жерден ѳзүңүздү кызыктырган сурооону жазсаңыз, ал алдыңызга чыгып калат. Маалыматтарды алуу оңой болуп калганын элет жери биле элек. Ошондуктан мен журналисттерге кайрылат элем. Бул жаңылыкты тээ тоодо жашагандарга да жеткирсеңер деп.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Майсалбек Курбаналиев, Полит Клиника, 19.11.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*