Алиментчилердин саны ай сайын өсүүдө

Алимент маселеси боюнча материал даярдоо максатында биз КРнын Сот департаментинин Баткен райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнө бардык. Эшиктен кирээр замат эле ажырашкан жаш үй бүлөнүн алимент маселеси боюнча талаш тартышына күбө болдук. Алардын айтымында ортодо бир бала бар. Үй бүлө ажырашкан соң апасы Г.Н. аттуу айым баласын алып төркүнүнө кеткен. Ал учурда дагы кош бойлуу, эч жерде иштебейт. Төрөгөн соң жаш балдарым менен иштей албасам, аларды кантип багам. Күйөөм болсо азыр үй бүлөсү жок, ден соолугу таза, иштеп каражат табууга шарты бар, үйүндө мал жандыктары бар жана эгин эгип дыйканчылык кылат. Ошондуктан мага күйөөм айына 1000 сомдон алимент төлөп берсин деген талапты койду.

Ал эми күйөөсү айына 1000 сомдон төлөй албайм, 500 сомдон гана төлөйм дейт. Анын себебин жумушсузмун, айылда жашайм, жумасына бир жолу келип Баткен шаарында базарда араба айдап акча таап кетем, ал каражатым өзүмдүн тамак ашыма араң жетет дейт.

Маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн Баткен райондук САКБнун сот аткаруучусунун милдетин аткаруучу Алмазбек Ажимуратов КРнын үй бүлө кодекси жөнүндө, алимент маселеси боюнча мыйзамдарды түшүндүрүүгө аракет кылып, бул талаш тартыш маселе бир сааттан ашык убакытка созулду. Жыйынтыгында күйөөсү бир баласы үчүн айына 800сомдон төлөп берем деген чечимге келди. Айласы кеткен жубайы ага макул болду.

a_ajimuratov

 

Баткен райондук САКБнну сот аткаруучусунун милдетин аткаруучу Алмазбек Ажимуратовдун айтымында жыл сайын алимент сурап сотко кайрылгандардын саны өсүүдө. 2014-жылы Баткен району боюнча алимент төлөгөндөрдүн саны 500 адам болсо, бул көрсөткүч быйылкы жылдын 1-октябрына 600дөн ашты. Демек ажырашуулар жылдан жылга көбөйүүдө дегенди түшүндүрөт. Айына 20,30 адам бул маселе менен кайрылат. Өкүнүчтүүсү былтыр окууну аяктаган 17,18 жаштагы улан кыздар үйлөнүп, балалуу болуп, ажырашып, алимент талап кылып келип жатышат дейт А. Ажимуратов.

Ошол эле учурда алимент төлөөдөн баш тарткандар да аз эмес. Алар көбүнчө жумушсуздар, ичимдик ичкендер. Ошондой эле алимент төлөөдөн качып жүргөндөрдүн көпчүлүгү мигранттар. Мындай учурда биз анын мүлкүнүн эсебинен төлөтүп беребиз, же таптакыр баш тартып же төлөөнү кечеңдетсе, ишти ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беребиз, жана чет жакта жүргөндөргө издөө жарыялайбыз деп кошумчалайт А. Ажимуратов.

Алимент төлөө боюнча КРнын үй бүлө кодексинде көрсөтүлгөндөй, 1 баласына атасынын же энесинин тапкан кирешесинин төрттөн бир бөлүгү , 2 баласы болсо үчтөн бир, ал эми 3 төн ашык баласы болсо тапкан кирешесинин жарымынан көбү ай сайын төлөнөт.

Алимент төлөбөй койуу КРнын үй бүлө кодексинин 162- беренеси боюнча кылмыш иши катары каралат. Эгер бир жыл бою төлөбөй койо турган болсо, иши сотто каралып, чогулган акчасын үч эселеп төлөп берүүгө айып тагылат. Айып салынган сумманы төлөп бербей турган болсо 2 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул боюнча жакында эле КРнын Жогорку Кеңеши мыйзам долбоорун бекиткен.

Массалык маалымат каражаттарынан алынган маалыматтарга таянсак өлкө боюнча быйылкы жылы алимент үчүн издөөдө жүргөндөрдүн саны миңден ашкан жана алимент төлөөчүлөрдүн саны былтыркыга караганда өскөндүгү айтылат.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигинемүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуумаксатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктүжакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Чолпон Бердикулова,Баткен таңы”, 19.10.2015-ж

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*