Барчынай: “Мен өсүмдүк сыяктуумун”

Долбоордон: Бул макала анын каарманы тирүү кезинде даярдалып гезитке чыгуу кезегинде эле. Жардамыбыз кечигип калса да, аны жарыялоону туура көрдүк. Ага окшош дагы канча адамдар жардамга муктаж болуп жашап жүрүшөт. 

barchynay

Барчынайды биз Гуля дейбиз. Өтө семирип, салмак кошуп кеткенинен өзүн эркелетиппи айтор, Дюймовочка дейт. Аны достору да Дюймовочка деп чакырышат. Гуля менен көптөн бери сүйлөшүүнү ойлонуп жүргөм. Экөөбүз баарлашып отурганда көкүрөгү көйгөйлөргө толгонун байкадым.

Эталиева Барчынай төрөлгөндө эле эткээл болгон экен. Кийин деле бою узун, салмагы ашыкча болуп чоңоюптур. Өтө шайыр, тамашакөй, орусча, кыргызчаны бирдей сүйлөгөн, Бишкектеги № 38, 68 мектептерди окуп бүтүргөн кыз жаштыкка, мастыкка тойбой, дуулдаган учурлары болгон. Анан ал көп учурда өзүнөн биринчи башка бирөөлөргө кол сунуп, жардам берүүгө шашчу экен. Кийин өзү жардамга муктаж болуп калаарын сезбесе керек, аттиң дүйнө. Барчынай 30дан оогондон кийин эне болуу бактысына татыйт. Кудай жалгап, аны жалгыздыктан арачалай алган Зыйнат деген кызы бар. Ал азыр 6 жашта. Экөө бир бөлмөлүү үйдө жашашат. Кызы боюнда бар кезде 114 кг салмакта болгон. Төрөгөндөн кийин бир аз арыктаган.  Андан кийин жылдан-жылга салмагы кошулуп эле баратат. Ачыгын айтса, аппетити деле жакшы. Бирок, бул жерде бир мандем бардай. Врачтар аны нервдин стрессинен, гормоналдык бузулуудан улам толуп баратат дешкен. Текшерилгенде бир гормону жогорулап кеткени ачыкталган. Профессор Роза Бакаевнага барса, ал хирургиялык ыкма менен гана арыктоону сунуштайт. Андан кийин Акрамовго барат, ал ага операция жасоодон караманча баш тартат. Андан соң Асылбековго барат, ал операция кылып майларын алып салууну сунуштаганда өзү коркот. Ага чейин бул профессор Кыргызстанга дүң болгон семиз аялдын фартук болгон курсагындагы 26 кг. майын алган. Бирок Барчынайда фартук кылган салаңдаган курсак деле жок. Семиздиги бардык денесине тегиз жайылган. Анын азыркы салмагы 212 кг, былтыр 220 кг болгон. Азыр 38 жашта. Эми Мамакеев клиникасында иштеген бир хирург толук текшерип көрүүнү убада кылган экен. Анын эмгек өргүүдөн чыгышын күтүп олтурат. Гуля ооруканага жатууну абдан каалайт, анткени оорукананын шарты, тамагы менен шишиктери тарап, бир аз арыктап калаарын сезет. Үйдө болсо өзүн кармана албай, ар түрдүү таттууларды, тамак-аштарды жеп жиберет. Күтүп жаткан врачы ооруканага жаткырып, толук изилдөөдөн өткөрөт деп ишенет. Ага чейин Израилдин врачтары 200 кг салмакта болсо, 50 миң долларга операция жасап, арыктатып берээрин айтышкан экен. Бирок курсагындагы майларды алдырган аял өзү байланышка чыгып, 3 миң долларга эле жасатканын айтып, аларга макул болбоосуна кеңеш берген. Барчынай көп учурда шишийт, жайдын аптабында суу иче берип, ого бетер шишиген экен. Витаминдерди толуктай турган жана заара чыгара турган дарыларды дайыма ичип турат.

Барчынай салмагына байланыштуу эч жерде иштебейт. Мамлекеттен айына 2 миң сом компенсация алат. Анысы албетте эч нерсеге жетпейт. Журналисттер телевидение, сайт же гезиттерге чыгарып калганда окуган, көргөн адамдар акчасын берип же тамак-аш көтөрүп келишет экен. Бир жакка барайын десе шаардык транспортторго түшө албайт. Айла жок, жетчү жерине такси менен барат. Таксиге кеткен акчаны да аяйт. Барчынайдын ата-энеси кайтыш болгон, бир тууган эки агасы жардамга кол сунбайт деле. Элге аралашайын десе кенен аралаша албай, барчу жерге бара албай, бардык жактан мүмкүнчүлүгү чектелип отуруп калгандан өткөн азап жок болуш керек адам баласына. “Бул дагы кудайдын бир сыноосу болуш керек, айыгып, арыктап кетээриме ишенем. Мен көргөн күндү эч кимге каалабайм. Эч кимге керегиң жок болуп отуруп калгандан өткөн тозок жок го. Баса албай, шишип кетем. Айрымдар басыш керек дегенинен бассам, кышылдап калам. Анан отура берем. “Энеден кийин төркүн жок, эрден кийин баркың жок” деп кыргыздар туура айтыптыр. Апам болгондо көп нерсени жашырып-жабат эле, балким, күйөөм болгондо, барктуу болмокмун”, – дейт ал.

Барчынай билимдүү инсан. Бишкектеги соода техникумун, андан кийин туризм жаатында мейманкана бизнеси бөлүмүн бүтүргөн. Жумуш издеп көрдү, бирок жаштар жумуш таппай жаткан заманда аны эч ким деле ала койгон жок. Жылдан-жылга салмагы кошулган сайын кызын да бала-бакчага алып бара албай калды. Азыр кызын кошуналары өз балдарына кошуп алып барып, келип турушат. Буту чуркап, колу иштеп көп нерсени өзү жасай албай жатканына ыза болуп, кээде жатып алып аябай ыйлайт. Жасайм деген тилектери орундалбай, максаттары кыйрап калганына абдан кейийт. Азыр убакыт барында врачтарга көрүнүп, ден соолугун чыңдоо үчүн күрөшүүнү чечип жатыптыр. Анүчүн кызын интернатка берүүнү ойлонууда. “Мен бир өсүмдүкмүн. Эч нерсе кыла албайм. Менде эне, бир тууган эже же сиңди жок. Балким, алар болгондо тамагымды көзөмөлдөшмөк. Кызым тамак жеген сайын мен дагы жейм. Азыр ал кичинекей болуп жаткандыктан мени карай албайт. Толгон-токой документтерди тапшырып, мечиттен 600 сом алдым, кечээ бирөө келип 1000 сом таштап кетти. Классташтарым кайрылышып турат. Бир кардиолог врач жаңы жылда “сыртта жүрө албасаң да дүйнө менен кабарлашып тур, жалгыздыгыңа арачы болсун”,- деп жаңы ноутбугун таштап кетти. Өткөндө дагы Алайдан келген бир адам 1000 сом берди. Боорукер адамдардын баарына ыраазымын. Алардын ар бирине ден соолук каалайм”, – деди Барчынай.

Биз анын Свердлов районунда каттоодо тураарын, 2-топтогу майып экенин билгенден кийин Социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылып, кандай жардам беришээрин сурадым. Көрсө алар Барчынай жөнүндө угушпаптыр, эгерде, министрликке редакция же Барчынай өзү арыз менен кайрылса, министрликтин социалдык кызматкерлери ооруканаларга жеткирип же тамак-аш берип тураарын билдиришти. Ал эми “Кылым шамы” коомдук фондуна чалсак, Азиза Абдрасулова өзү алып, Барчынайга юрист-адвокат берип, анын ар түрдүү көйгөйүн – социалдык, медициналык, экономикалык жагын изилдетип чыкмай болду. Биз мыйзам негизинде, документтер аркылуу жардам берүүгө батынганы үчүн Азиза эжеге абдан ыраазы болдук.

Бул материал басууга даяр болгон маалда Барчынай Эталиева кайтыш болду. Ошол күнү кыска маалыматты сайтка жайгаштырар менен Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жооп берип, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкери С.Молдокулова бир жумада 2-3 жолу Барчынайдын үйүнө барып, ысык тамак берип турганын, ал 2-сентябрда барып таппай калганын жазып чыкты.

Көрсө ал 31-август түнү үйүндө кайтыш болуп, эч ким жок 2 күн жатып калган экен. Кореядан келген иниси терезеден кирип, эжесинин кайтыш болгонун 2-сентябрда билген. Биз Барчынай Эталиеванын дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына кейидик.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Сымбат Максутова, «Полит Клиника», 17.09.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*