Сайт тууралуу

Сайт “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана БУУПӨПтүн (ПРООН) “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктү жакшыртуу” долбоорлору менен биргеликте ачылган.

Биргелешкен долбоордун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Ош областтарындагы элеттик кыз-келиндерге, балдарга, жаштардын опурталдуу тобуна, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана этникалык азчылыктарга өзгөчө көңүл буруу аркылуу калктын алсыз катмарларынын укуктук маселелерин жакшыртууда көмөктөшүү;

– Эл аралык укук коргоо стандарттарына жана сунуштарга ылайык акыйкаттыкка жетүүнү жана укуктук жардамды жакшыртуу.

Аялдар, балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана жаштардын опурталдуу тобундагылар акыйкаттыкка жетүүдө орчундуу көйгөйлөргө туш болот. Билимдин жана тажрыйбанын жоктугу, экономикалык көз карандылыгы, өзүлөрүнүн укуктарын жакшы билбегендиги, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жолдору тууралуу коомдун начар кабардар болушу жана көпчүлүк учурда керектүу документтердин жоктугу укук коргоо органдары, сот, бейөкмөт уюмдары, укуктук клиникалар, аксакалдар соту сыяктуу расмий жана расмий эмес акыйкаттыкка жетүү боюнча органдарга кайрылууда кыйынчылыктарды жаратат.

Бул сайтта долбоордун алкагында ЖМКлар даярдаган материалдар жарыяланып, долбоордун иш-чаралары чагылдырылып турат.

4 Comments

  1. Ассаламу алейкум. Мага сиздердин кеңеш-жардамыңыздар өттө керек болуп жатат.
    Менин наамымда ачылган ОсОО фирманын аткаруучу директору налогду төлөбөй дайынын таптырбай баардык документтер(копиялары)жана печать менен качып жүргөндүтөн, налог кызматкерлери сотко доо арыз менен кайрылышкан. Сот арызды канааттандырып, жетекчиси катары көп суммадагы(800 000сом) акчаны мен төлөгөнү жатам. Өзүм эки кыздын (14жаш, 4 жаш) жалгыз бой энесимин, кесибим мугалим,турак-жай, мал-мүлк эч нерсем жок. Ата-Энемдин үйүндө башкалкалап жашайм. Сот аткаруучулар мага акчаны кандай жол менен төлөшүм керек жөнүндө так маалымат бербей жатышат. Жеңилдетип төлөө жолдору барбы? Себеби мен бул сумманы жакынкы аралыкта толой албайм. Чоң рахмат.

  2. 1. Эгер юридикалык компания (азырынча атын атабай турайын) акчаңды 3 ай мурун алып алып, бирок 3 ай бою калп айтып жатса эмне кылыш керек?
    2. Бул ЮК генералдык директору иск Бишкек райондор аралык сотуна (БРАС) кайрылдым деп айтканы туурабы? Анткени БРАС эки багыттагы доолорду гана карайт экен:
    • Экономика боюнча жана
    • Мекемелерге караштуу маселелер.
    3. Бишкектеги райондор аралык соту гарждандык иштерди карай береби?
    4. Сот ишти 3 айга чейин кыймылдатпай кармай алабы же бул жерде бир табышмак (ЮК жактан) барбы?
    5. БРА сотундагы регистрация журналдарында эч кандай менин ишим жөнүндө доо катталбаса дагы ишти карайбы же ЮК мени алдап, убакытты дагы созуп жатышабы? Бирок жанагы ЮК болбой эле мени сотко чакырып жатса, сот ишин жүргүзө берсе болобу? (Соттордун расписаниясы тиркелди).
    6. Эгер ЮК бүгүн 31.03.2017ж. сот болот деп, бирок судьянын аты жөнүн (Ф.И.О.), кабинеттин номерин азырга чейин айтпай жатышса жана колума алигиче провестка беришпесе бул эмнени айтат?
    7. Эгер БРА сотунда илинген расписанияда менин ишим боюнча эч кандай маалымат жок болгонуна карабай сот иши жүргүзсө болобу?
    8. Азыр эле мага бул ЮК Айдай деген кыз чалып, сизди сотко чакырып жатабыз келиңиз дейт, бирок ким биздин сот экенин, кайсы кабинетке барышым керектигин айтпайт. Анан менин адресимди сурайт (бүгүн көт чычарда повестка жиберет имиш). Бул туурабы?
    9. ЮК кантип тартипке чакырса болот? Анткени алар менден башка дагы 3 кишинин акчасын алып, эч нерсе жасабай кайра “ответчикти” тымызын колдоп кетишиптир. Эмне кылыш керек??????
    10. Эгер ЮК мени чындап алдап жатса кайсы сотко кайрылышым керек?
    11. Кайсы юристке же ЮК барып консультация алсам болот?
    12. Мен буларга ишенбей жатканым туурабы?

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*