Бишкек шаардык Дүлөй жана сокур балдардын коому 523 баланын башын бириктирет. Андан тышкары ата-энеси майып 220 бала бар.
Аталган коомдогу жаш жеткинчектерге Темир Сариевдин атынан жаңы-жылдык белектерди тапшырып, майрамдык маанай тартууладык. Балдардын жүзүндөгү жылмаюну көрүп, алар үчүн бир күндүк эмес, миң күндүк убактыңды берсең да аз болоруна ынанасың. Чындыгында бул балдар, башкалардан башкача. Алар аеого эмес, адамдык чыныгы мамилеге муктаж. Бир сааттык маанайшат кече бүтүндөй ааламды өзгөртүп койору мүмкүн экендигин балдардын тунук күлкүсү далилдеди. Келе жаткан Жаңы-жылыңыздар менен!
27.12.2016
Темир Сариев майып балдарга жаңы-жылдык белектерди тапшырып, майрамдык маанай тартуулады
Оставить комментарий