Түптө 238 майып адам жаңы жылдык белек алды (фото)

Түп районунда көзүнөн жана кулагынан жабыркаган 238 майып адамга сыр заводу тарабынан жаңы жылдык белектер берилди. Сыр заводдун төрагасы Жумалы Мамытовдун айтымында, быйыл дагы 20 майыпка сыр, сары май, ар бирине 1300 сомдон ашык каражатка белектер тапшырылды.
Жаңы жылдык белек алганы келген Рая Казыбекованын айтымында, алар жыл сайын сыр заводдон белек алып турушат.
«Бул эки баштыктын бирин 101 жаштагы кайненем Какеш Жайылкановага, бирин 25 жыл мурун жол кырсыктан кийин көзүнөн 1-топтогу майып болуп калган күйөөм Курманакун Турдубековго алып барып берем. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамга мындай тамак-аш тургай, жылуу сөз да кандай таасир этерин баккан адам гана билет», – деди ал.

Turmush 

30.12.2016
http://www.turmush.kg/news:317328

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*